Жогорку Кеңештег КСДП фракциясынын депутаты Нодирбек Каримов туугандары менен бара жаткан автоунаа  кечээ күнү кырсыкка учураганы маалым болду.  Кырсыктын кесепетинен анын жанындагы 69 жаштагы апасы Н.М. оор жаракат алып, каза болду. Кырсык Токтогул районунда болгон. Унаада депутат, апасы жана алардан башка 2 тууганы болгон. ЖКККБнын маалыматында «Депутат рулду башкара албай калып, унаа көңтөрүлүп кеткен. Кырсыктан эл өкүлүнүн 69 жаштагы апасы каза тапты.  Өзү жубайы экөө жакын жердеги Токтогул ооруканасына жеткирилди»-деп айтылат

48 жаштагы өзбек улутундагы депутат Каримов депутаттыкка чейин Өзгөн шаарынын мэри болуп, эки жыл иштеген. Буга чейин кызматтык машиненин депутаттардын жеке иштерине айдоо маселеси сынга алынып келген. Өткөн чакырылышта да депутат айымдын баласы апасынын машинеснен кырсыкка учуруп, каза тапкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here