Мамлекеттик «Кыргызаэронавигация» ишканасынын генералдык директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев Бишкектин Түштүк магистрал көчөсүндө жубайы менен бирге автоунаада баратып жол кырсыгына кабылып, башка машине менен сүзүшкөн. Берки машинеден түшкөн эки жигит Жакыпбаев менен мушташа кетишкен. Натыйжада Жакыпбаев башы менен бордюрга урунуп, жан берген. Окуя түндө кечки саат 8де болгон. Кылмыштуу окуяны Октябрь райондук милициясы териштирип жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here