Экс-президент, Алмазбек Атамбаев Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын Х башкы ассамблеясына катышуу үчүн Москва шаарына барат. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, аталган иш-чара 24-27-октябрда өтөт. Анда Азиянын, Африканын жана Латын Американын алдыңкы саясий партияларынын лидерлери менен өкүлдөрү эл аралык күн тартипте турган маселелерди, экстремизм менен күрөшүү жолдорун талкуулашат.

Андан сырткары, партиялар аралык кызматташуу тууралуу да сөз болот. Ошондой эле көз карандысыз мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө боюнча тегерек стол уюштурулмакчы.

Экс-президент 28-октябрда Бишкекке кайтат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here