КСДПнын маалымат кызматы  Икрамжан Илмияновго соттон же УКМКдан эч кандай чакыруу кагазы келген эместиги боюнча маалымат таратты. Бул маселе боюнча  партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева буларды билдирди:

— Бүгүн биз Илмияновдун жубайы менен байланыштык. Анын үйүнө эч кандай чакыруу кагазы келбептир. Анын жубайына Илмиянов кайсы жерде экендигин эч ким чалып сурабаптыр. Мунун шоу менен кармалганы биз үчүн түшүнүксүз болуп жатат. Илмияновдун эч кимден качпаганы жана жашырынбай эле жүргөнү баарына маалым. . Тергөө иши саясий жактан боёлбошу керек. Илмияновдун жубайына түн ичинде бир адвокат келип, «Мен Илмиянов Икрам Сатарович менен сүйлөштүм» деп, аны менен келишим түзүп кетиптир. Ал кайсы адвокат? УКМКнын дежур адвокаттары бар эмеспи. Ошол адвокаттарбы? Азыр ошону териштирип жатабыз.

Эске сала кетсек, КСДП кечээ күнү Илмиянов жай айында эле атасын Москвага дарылатканы кеткен, ошол боюнча байланыш жок деген. Бүгүн кармалган соӊ, минтип башкача сайрап калганын коомчулук да түшүнбөй турат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here