Поезд майрамдап жаткан элди аралап кетип, 50 киши каза болуп, 200 киши жаракат алды. Бул тууралуу  чет элдик ЖМКлар  жазып чыкты.

Индиянын Амритсар шаарында поезд топтошкон элди сүзүп барып токтогон. Ал жерде индиялыктардын чоӊ майрамы катары эсептелген-Дусшера майрамын белгилеп жатышкан.  Темир жолдо 100дөгөн эл чогулуп, катуу кол чаап жатышкандыктан, поезддин үнүн укпай калышкан. Жабырлануучулардын  нааразы болгону поездди убагында эмнеге токтотпойт дешет.

Өлкө бийлиги жабырлануучуларга жогорку деӊгээлде көӊүл буруларын айтты. Поезд катуу ылдамдыкта келип, элди аралап кеткени видео көзөмөлгө түшүп калган.

Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here