Кечээ күнү издөөгө алынган Атамбаевдин эӊ жакын адамы, кеӊешчиси, “баатыры”, атактуу шопуру Икрамжан Илмияновдун бир күндөн соӊ кармалганы коомчулукту таӊ калдырып койду. Бул боюнча ар ким өз пикирлерин соц баракчаларына жарыялап жатышат. Көпчүлүк “шоопурду”  жок дегенде 3-4 күн мурун кармап, андан соӊ сот чечимин чыгарып, издөө жарыялаган деген пикирди карманууда. Себеби, УКМКда Илмияновдун кайда, эмне кылып жүргөнү боюнча мурун эле толук маалымат болгон. Болгону аны кармабай туруп, издөө салганда, ал жер которуп кетиши толук мүмкүн эле. Андыктан, аны кармоонун тартибин, ушундайча өзгөртүшү толук мүмкүн. Бул боюнча УКМК албетте кармоо операциясын ачыктабайт деӊизчи. Бирок бул чындыкка жакын ыкма. Мындай ыкмалар колдонулуп эле келген. Кандай болгон күндө да, бул боюнча маселе ачыкталбай койбойт.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here