Англиянын түндүгүндө жайгашкан  Хаддерсфилд шаарында жана ага жакын башка шаарларда жашы жетелек өспүрүм  кыздарга аӊчылык кылып, зордуктап келген 20 адам 5 жылдан өмүр бою эркинен ажыратылды. Алардын берилген түрмө мөөнөтүн жалпысынан кошуп эсептегенде 221 жыл болот. Алар 120 кылмыш эпизоду менен соттолушту.Сот бул топто жабыраган 15 кыздын дооматын укту. Алардын көбү зордукталган учурда 11 жашта болсо, азыр 17-18 жаштардагы кыздар.  Бирок Королева соту кылмышкерлердин аты жөнүн жана кылмыштык окуяларды толугу менен коомчулукка чыгаргууга тыюу салды. Бул кылмыштуу топтун ана башчысы 35 жаштагы  Амир Сингх Даливал (Протес) 18 жылга соттолду. Ал үй-бүлөлүү, эки баланын атасы экени ачыкка чыккан. Бул топко мүчө болгон жаш жигиттер  2004-2011-жылдары кедей үй-бүлөдө жашаган кыздарды атайы издеп табышып, алардын тамырын тартып, дос болуп ишенимге киришкен. Андан соӊ кылмыштуу топтун улуу мүчөлөрү менен тааныштырышкан. Алар кыздарга ичимдик алып берип, ичиришип, наркотика сайып,  зордукташкан. Эч кимге даттанбасын дешип, коркутуп, ур-токмокко алынуу адатка айланып алышкан. Андан соӊ, кыздарды түнкү клубдарга алып барышып, көрүнгөн эркектерге мажбурлап салып берип турушкан.

Жабыр тарткан кыздардын бири сотто:  “алар биринчи ишенимге киришчү. Анан таӊ калычтуу окуялар болоор эле. Булар менен байланышкан соӊ, качып кетүүгө мүмкүн эмес эле. Ата-энемдин үйүн талкалап кетишкен. Мени дайым сабап, зордуктап турушчу” – деп айтып берген. Айрым жабыр тарткан кыздар өз өмүрүнө кол салууга аракет кылышкан.

Двадцать мужчин осуждены за совращение малолетних девочек в британском Хаддерсфилде

Двадцать мужчин осуждены за совращение малолетних девочек в британском Хаддерсфилде

Главарь банды Амир Сингх Даливал — женатый отец двоих детей.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here