Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Икрамжан Илмияновду 28-ноябрга чейин камакка калтырууну чечимин чыгарды. Илмиянов эми УКМКнын төргөөсүндө жатмакчы.

Биринчи май райондук соту чыгарган токтомго ылайык Икрамжан Илмияновго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-берененин 4-бөлүгү, 2-пункту (Алдамчылык) боюнча айып тагылган. Ал  бүгү н таӊда  москвадан кармалып, Кыргызстанга таңкы саат 4.30та алынып келинген. Анын үстүнөн ишкер арыз жазган. Илмиянов Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда, бизнеменден 150 миӊ доллар пара алган деп айыпталдууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here