Жогорку сот экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эӊ жакын жандоочусу болгон атактуу «шопур» Икрамжан Илмияновго сырттан айып такты. Маалыматта: чечимди 18-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарып, УКМКнын Илмияновду камакка алуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырганы айтылат. Ушунун негизинде «Шопурга» сырттан айып тагылып, издөө жарыялады.   Бирок  Илмияновго эмненин негизинде айып коюлганы азырынча ачыктала элек. Белгилей кетсек, Илмиянов Кыргызстандан чыгып кеткен. Айрым маалыматтарда анын АКШда экени айтылат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here