Сүйлөшкөн кызым менен урушуп кеттим. Себеби аны көп кызганып, эзип жиберем. Ал мага бир жума сүйлөшпөй турууну сунуштады. Бул психологдордун ыкмасы экенин айтат. Каршы болсом, көгөрүп туруп алды, аргасыз макул болдум. Биз бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Эгер бир жума сүйлөшпөй койсок, кыздын көңүлү калып калбайбы? Эмне кылсам болот?

Бермет Уланова

Гештальт-консультант

Окурман, кызыңызды эмне себептен кызганасыз? Далили болсо кеп башкада, себепсиз кызгануунун кереги жок.

Биринчиден, кызыңыз эмне үчүн мындай кадамга баргандыгын сураңыз. Экинчиден, менде сизге бир топ суроо бар: кызгануу реалдуубу же жөн гана шек санообу? Кимден жана эмне үчүн кызганасыз? Кызганыч мамилени сактап калабы? Бул сизди таштап кеткенге себеп болбойбу?

Мүмкүн, буга чейин түзгөн мамилеңиз ийгиликсиз аяктап, кызганчаак болуп калгансыз. Мүмкүн, өзүңүзгө толук ишенбей, кызганыч аркылуу сүйөөрүн далилдегиңиз келет. Кандай ойлосуз, бир жумалык тыныгудан чыныгы сүйүү жок болуп кетеби?

Мамиле ишеним менен курулат. Жашоодо көптөгөн кыйынчылыктарга жоолугасыз. Ортодо чын дилден ишенүү, түшүнүү болбосо, алардан өтүү кыйынга турат. Сизге ийгилик каалайм!

Булак:bilesinbi.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here