Адамдын төбө чачын тик тургузган окуя Казакстанда болду. Тасбогет айылында жаш кыздын сөөгү унаа ичинде табылган. Бирок анын кесилген башы башка жерден табылган.   Маркум кыздын аты Назерке Бекжанова  21 жашта эле. Ал эми аны мыкаачылык менен өлтүргөн агайы 26 жаштагы Шынгыс Бекенов. Ал жаш кызга үйлөнүү сунушун киргизгенде, кыз анын сунушунан баш тарткан. Жин урган жигит кызды дамбанын жанына алып келип, башын кесип салып, андан соӊ, өз жанын кыюуга аракет кылган. Бирок өзү оор жарат алып,  өлбөй калган. Учурда ооруканада. Шынгыс өзүнө кол саларда “Назарке экөөбүздү бир жерге койгула” — деп кат да жазган. Кыз медициналык окуу жайды бүтүргөн. Шынгыз анын агайы экени айтылууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here