Өкмөт ЖК депутаты Садык Шернияз  менен   режиссер Алтынбек Максүтовдун Маданият, маалымат жана туризм министрилик кызматына ылайыктуу талапкер катары карап жатканы айтылууда. Бирок азырынча бул боюнча өкмөт расмий билдирүү тарата элек. Садык Шернияз 2010-жылдардан кийин  бул министрликти жарым жылдан ашуун мезгил жеткеген. Бирок Садык Шернизязовдун талапкерлиги чоң суроо астында экени айтылууда.

Ал эми Максүтов да  бул министрликти  3 жылдай жетектеген. Ал кызматтан кеткенден бери  мурун иштеген  Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси болуп кайрадан иштеп жатат. Ал Көчмөндөр оюндарынын режиссёру катары элге маалым.  III даражадагы Манас орденинин ээси. Бул маселе боюнча Алтынбек мырзанын өзүнөн пикири алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here