Түркиянын Ялова провинциясындагы мечитке келгендер 37 жыл бою туура эмес тарапты карап намаз окуп келишкен. Мечит ыйык шаарга туура эмес багытталып калганын iz.ru басылмасы жазды.

Мечит 1981-жылы курулуп жатканда Кааба ташына болгон багыты 33 градуска жылып кетип, Мечиттин имамы Иса Кайя түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн имараттын ичине Меккени туура көрсөткөн багытты белгилеп койгон.

аталган мечтике өлкөнүн дин башкармалыгынан келип, жайдын туура эмес курулуп калганы тууралуу  элге маалымат беришкен. Имамдар эгер киши билбей туруп Мекке тарапты карабай намаз окуган болсо ал күнөө болбой турганын элге түшүндүрүп, 37 жыл бою окулган намаздар кабыл болбой калат деген коркунуч жок экенин айткан.

Эми мечиттин ичин башкача кылып алмаштыруу пландалып жатат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here