Бүгүн Бишкекте «Замандаш» саясый партиясынын саясый кеӊешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумдун күн тартибинде  «замандашчылар» партиянын Кыргызстандын келечегине багытталган программанын долбоорун талкуулашып, бекитишти. Эл үмүт артып турган «Замандаш» партиясынын программасынын бет ачаарын өткөрүү иш-чарасы  эмки жумада, тактап айтканда 26-октябрга белгиленди. Азырынча партия бул иш-чараны кайсы жерде жана кандай форматта  өтө турганы боюнча маалымат тарата элек. Бирок ошентсе да, «Замандаштын» программасы Кыргызстандагы 200дөн ашуун партиянын коендой окшош программаларынан бир топ өзгөчөлөнүп, коомчулуктун наазарын өзүнө бурат деген ишенимдебиз. Балким, «замандашчылар» көп убакыт бою жазышкан программасына өлкөнү өргө сүйрөй турган  багыттарды көп батыргандыр. Кантсе да, «Акыл жаштан» деген кеп бар эмеспи. Бул партияда азырынча элге жек көрүнгөн шумпайлар, элди куруткан Кудайдан жөө качкандар жок. Азыркы «замандашчылардын» басымдуу бөлүгү  жаш жана таза адамдар. Ошондой эле болсун дейли. Кандай болгон учурда, жаӊыланган партиянын жаӊы программасынын маани-маӊызына туура 7 күндөн кийин күбө болуп, өз баабызды беребиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here