“Атыӊ чыкпаса жер өрттө ” деген сөздү иш жүзүндө колдонуп, эптеп эле элге таанылып калайын деген жарым эс, кемпай, чонтой, жарым жылаӊач, алкаш , сойкулар да көбөйүп кетти. Маданиятты такыр башкача элестетип алгандар да аз эмес. Маселен, “Көк мээ”, тобу, Кайрат кыргыз, Зере, Гүлзат, Чыпалак баатыр дегендер акыркы күндөрү элди тажатып жиберди. Бирок буларыӊ андайды сезип, көрүп турса да, кайра күчөшөт экен, элдин кыжырын кайнатып. Чыпалак баатыр деген неме “Мени депутаттыкка чакырышты, мен баш тарттым. Депутат болуш үчүн Конституция деген китепти окуш керек экен. 15тей суроо жооп бериш керек экен ”- деп маек бериптир. Айла жоктон күлөт экенсиӊ. Бул жигит депутаттык эмне экенин деле түшүнбөсө керек. Бирок Ак үйдө деле айрым депутаттар Чыпалак баатырдан кем эмес “өнөрдүн” ээси экенин эске алганда, Чыпалак баатыр депутат болуп барса, Камчыбек Жолдошбаевге окшогондордон ашып түшсө керек…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here