-Мен быйыл күздө 19 жашка толдум. 19 деген эмне? Оюн десең оюнга, иш десең ишке, дос десең доско тойбой турган сонун курак болот турбайбы. Мына ушул доско байланыштуу жагымсыз окуяны ачык айткым келип турат. Дос демекчи, мен көп адамдардан кыздардын достугуна карагандага эркек менен кыздын достугу турукту болот деп угуп келгем. Негедир ушул сөз эсимден кетпей, чоң окуу жайда окуп баштаганымдан бери жакшы жигиттердин бир, экөөсү менен дос болгум келди. Мындай ой менде эле эмес, мени жактырган жигиттердин көбүндө эле болгонун кийин билдим. Чынында мен ай чырайлуу сулуу кыз элем. Мага ашык болуп сезимин билдирип жүргөндөр аз эмес эле. Бирок мен алардын бирин да жактырганым жок. Билбейм, мага алардын баары эле кыска кызыкчылыкты көздөгөн, келекчекти тайыз ойлогон жигиттердей сезилди. Ошентип, бир топ жигиттин сунушун четке кагып, жигит күтүүгө ашыкпай жүрдүм. Бирок сүйүү башыңа келсе, шамалдай болуп эле тез эле учуп келип калат окшойбу. Айтор, мен беймарал жүргөн кезимде, биздин  коңшунун сатылып жаткан үйүн башка адамдар сатып алышты. Биз үйдөгүлөр менен кандай адамдар келишет болду экен деп жаңы көчүп келгендерге кызыгыбыз артып калды. Кудай жалгап, жаңы кошуна болгон үй-бүлө үлгүлүү адамдар экен. Көчөдөгүлөрдү чакырып, түлөө кылды. Жаңы коңшунун 3 эркек, бир кызы бар экен. Алардын үйү жаныбызда эле болгондуктан, баары менен бат эле жакшы тааныш болуп калдык.  Биз аларды, алар бизди айрым учурларда чайга чакырышып, айтор ысык коңшулардан болуп калдык. Жаңы коңшунун Адилет деген уулу бир күнү менин вотсап номериме жазып калды. Номеримди кайдан алганын деле сурганым жок. Айтор, тил табышып сүйлөшүп кеттик. Негизи ал сыртынан зыңкыйган, салабаттуу эле жигит көрүнчү. Убакыттын өтүшү менен экөөбүз бири-бирибизге абдан ынак болуп кеттик. Бирок кыз-жигит деңгэлине жетпесек да, мен аны чындап эле жактырып, ага тартылып баратканымды байкадым. Ал деле сыр бербейт, же мен күткөн сөздү айтпайт. Бир күнү окуудан келатсам, алдыман чыгып:

-Асылай кандайсың? Мен сени издеп…- деп мукактанып калды. Мен анын бул сөзүнө таң калып:

-Эмнеге издедиң. Үйгө баратам- дедим.

-Мени менен кафеге барып келчи.

-Каякка? Эмнеге- дедим ого бетер таңкалган киши болуп.

-Жөн эле. Сени менен сырдашып олтурайын   дегем.

Кол саатымды карасам, убакыт эрте эле экен. Ошондон улам, кафеге барууга макул болдум.

Экөөбүз үйдөн алысыраак кафелердин бирине бардык. Жакшы сүйлөшүп, күүгүм киргенче олтурдук. Бирок Адилеттин мени менен олтурганда бир нерсеге эле тынчсыздангандай абалда олтурганын байкадым. Ал тургай бир, эки жолу ага эмне болгонун сурадым. “Баары жайында” деп койду. Кафеден чыгып келатсак, алдыбыздан  3 жигит карпа-курпа чыгып калышты. Алар Адилеттин тааныштары болуп чыкты. Төртөө кучакташып, учурашып, кызуу сөзгө кирип баратышты. Мен алардан четтеп, сыртка чыгып, Адилетти күтүп турдум. Ардан 5-10 мүнөт өткөндөн кийин менин жаныма келишти. Адилет мени баары менен тааныштырды. Чынын айтсам, 3 жигит мага сырткы көрүнүштөрүнөн  жаккан деле жок. Мен алардан тартынып турсам, Адилет менин колумдан кармап:

-Мен азыр келем- деп мени жалооруй карап, кафеге кайра кирип кетти. Мен анын андай көз карашына түшүнбөй, бир аз кооптонуп калдым. Ал кафеге кирери менен эле жанагы үч жигиттин экөөсү мени жулкулдатып, жаныбызда турган машинеге күч менен салышты. Менин каршылык көрсөткөнүмдөн пайда чыккан жок. Бирөөсү мени кыйкыртпай, оозумду  кол менен бекем басып алды. Машине ордунан жылып жатканда, кафе жакты бир кылчайып карап алдым. Адилтеттин карааны көрүнгөн жок. Үч жигит мени шаардын сыртына алып барышты окшойт. Айтор, жарым сааттан ашык жол жүрүп, бир айылга кирдик. Көчө аягындагы үйгө келип токтошкондо, машинеге көп адамдар жабылып келишти.

Ошондо мени алар ала качып келгенин билдим. Мени бирөөсү көтөрүп барып, көшөгөгө киргизди. Мен колумдан келишимче албууттанып жаттым. Ошентип, 2-3 саат өттү. Чарчадым. Айтканымды эч кимиси укчу түрү жок. Бир кезде менин айланамдагылардын баарысы жок болуп кетишти. Алар кетери менен эле жанагы үч жигиттин бири кирип келип:

-Эмне мынча албуттанасың? Элдин баарын беймазага салып? Мен сени менен эркекче сүйлөшүп салбасам болбой калды. Анан көрөм кетем дегениңди- деп локулдап сүйлөдү. Мен ага:

-Акмак! Кандай акмаксыңар. Силер кылмыш кылып жатасыңар, мен силерди миицияга берем. Мени үйүмө жеткирип койгула- деп айтып оозумду жыйгыча ал:

-Акмакты көрсөтөм азыр сага- деп мени бет талаштыра муштап жиберди. Олбурлуу неменин оор соккусунан улам  тамга жабышып, башым менен дубалды катуу сүзүп, кулап түштүм. Эсимди жоготуп койгон экенмин. Бирок ал мени үстүмдөгү кийимимди чечип жатканда эсиме келе түштүм. Аны дароо беттен алып, анын чеңгээлинен чыгууга аракет кылдым. Бирок анымдан пайда деле чыккан жок. Күчтүү неме менин үстүмдөгү кийимимди жулмалап чечип ыргытып, өзү басып жыгылды. Колу менен оозумду басып, арам оюн ишке ашыра баштады. Күчүм жетпей канча тыбырчылаганым менен, эч ким жардамга келген жок. Мен ошондо бул атайы жасалып жаткан иш экенин билдим. Үстүмдөгү айбан менин кандай ахыбалда калганыма караган жок. Ич кийимдеримди айрып салды. Кыз экеним, же кыз эмес экеним ага баарыбир болду окшойт. Айтор, мени талкалап, жанчып…

(Уландысы бар.)

Асылай Абдырахманова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here