Чүй облусундагы Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында турак үйдөн өрт чыгып, үйдөн 2 адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Каза болгондордун экөө тен теӊ аял кишилер. Алар 1945-жылы туулган энеси менен 1975-жылы туулган кызы болгон.
Өрт таӊкы 4тө чыгып, эртен менен 8ден өтүп өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби аныкталып жатат.