ЖR депутаты Рыскелди Момбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылуу сунуш айтып чыкты. Ал бүгүн Шаршембиевге 9 кылмыш иши козголгонун ачыктап, буларды айтты:

— Шаршембиевди  парламентке премьер-министр алып келгенде “Беш кылмыш иши бар кишини ушул жерге дайындап жатасыз. Кооптуу кызматка жооптуу эмес адамды дайындап жатасыз” деп айттым эле. Ошондо өкмөт башчы “Жок, бул ушак” деген. Мен азыр маалымат алдым – Бакыт Шаршембиевдин тогуз кылмыш иши бар экен. Жакында өкмөт башчыга да, өлкө башчыга да ошол козголгон кылмыш иштер тууралуу маалымат берем…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here