Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 18-октябрда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин кароону улантып, чечим чыгарды. Ага ылайык, Зилалиев күнөөлүү деп табылып, үч жылга шарттуу кесилди.

Эскерте кетсек,  былтыр 24-ноябрда инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө «бомба коюлду» деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ал эми ага «1532 ВК» мамлекеттик номерлүү «Лексус» машинесинен бир адам билдиргенин жазган. Кийинчерээк «машиненин номуру Зилалиевге таандык» деген маалымат чыгып,  Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу») менен козголгон.

Зилалиев сот чечими боюнча комментарий бере элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here