Той көбөйгөн сайын казак элинде дагы ар кандай салттар көбөйдү. Бул жолку үлпөт тойдо  «кемпир өлдү” деген салтты коюшту.  Буга чейин аталган салтты эч ким уккан эмеспи интернет колдонуучулар  тарабынан кызуу талкууга алынды.

Салт боюнча күйөө жигит тойкананын ортосунда “өлүп жаткан” чоң энени кантип болсо да ойготуп алуусу керек экен. Алгач үйлөнүп жаткан жигит чоң апанын колуна акча кыстарат. Бирок чоң апа ойгонбостон, жаны жок кишидей уктай берди. Андан кийин күйөө жолдош  келинчегинин колунан кармап, ырдап берип, кемпирди ойготту. Ал жаштарга батасын берип, той уланды.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here