18-октябрда Бишкекте Абадан коргонуу күчтөрүнүн 23565-бөлүгүнүн прапорщиги каза тапты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Үч чакырымга чуркоо маалында прапорщик эс-учун жоготуп жыгылып түшкөн. Алгачкы медициналык жардамдан эсине келбей, ооруканага жеткирип баратышканда жолдо каза болгон.
Учурда маркум эмнеден каза болгону иликтенип жатат.