Ушинтип, Султанбек, сени биз, 59 жашыңда, эми эч качан кайтып келбей турган жакка узатып калабыз деп ойлогон эмес элек.

Акыры эртеби-кечпи, топурак сала турган күн да келерин билчүбүз. Бирок качан келерин, кандай келерин, кантип келерин, кимибизге мурда келерин билчү эмеспиз. Болгондо да министрликтин ишине жаңыдан көнүгүп, өнөр адамдарына кызмат кылайын деген каалооң күчөп, ниетиң бурулуп турганда, аябай иштегиң келип турганда алып кетип жатпайбы.

Болгону 5 мүчөл гана жашадың. Айтып келбеген ажал аны да толук жашаткан жок, 59 жашыңда кете бердиң. Элүү тогуз деген эмне? Болгону 10дон беш жолу анан 9 жыл жашапсың.

*  *  *

Университетте куйрук улаш окудук. Жердеш элек. Ага-инидей болдук, андан да өтүп, тели-теңтуштай ынак жүрдүк. Жашың кичүү болгон менен жаның курбу эле. Акылдуу, шайыр, адамдык касиети бийик, аябагандай калыс, акниет жан элең. Жакшыбыз бар экенине  карабай, эмнегедир жаманды көбүрөөк издеп, аялынан эркеги көбүрөөк ушакчы болуп калган азыркы заманда сенин айкөлдүк касиетиңе таң калчубуз. Дайыма жаңыны издеген, дайыма жакшылыкты издеген, аны тааный билген, таба билген, көрө билген, сергектигиңе суктанчубуз. Кай бирде түшүнгүбүз келбей, “капкайдагыны баштабай жөн турчу?” деп каршылык да кылчубуз.

*  *  *

“Асабада”, “Агымда” чогуу иштедик. Бардык журналисттер окшош, сен гана башка болчусуң. Мен орусча китепти жаңыдан түшүнүп окуй баштаганда сен орус тилинде макала жаза баштагансың. Мен компьютер үйрөнө баштаганда сен англисче сүйлөй баштагансың. Кыргыздын мыкты жигиттериндеги ийкемдүүлүк, укмуштай жөндөмдүүлүк, аракетчилдик сенде мол эле. Сен бизден айырмаланып көбүрөөк мамлекетчил  болчусуң. Биз гезиттегилер көбүнчө ушак-айыңга, кимдир бирөөлөрдүн бере коймо маалыматтарына же Акүй менен Көкүйдөгүлөрдөн ташып же сатып келе калгандарга таянсак, сен жалаң гана карандай фактыга таянып, жалаң гана чындыкка таянып, акыйкаттыкка таянып жазар элең. Би-Би-Синин кызматына баралекте эле, “Азаттыкка” келелекте эле сен бизди, карт журналисттерди  да, жаш журналисттерди да журналистиканын Эл аралык стандарттарына үндөп келген, үйрөтүп келген “Султан Жумагулов—Ак Торпок” деген мектеп болгонсуң.

*  *  *

Айылдагы өзүң окуган мектептин алдыңкы окуучуларына бир топ жыл айлыгыңдан стипендия берип келдиң. Компьютер сатып алып ташыган күндөрүң болду. Кийин президенттик аппаратта, ЭлТРда, КТРда, министр болуп иштеп турганыңда Ошко, Түркияга же башка жактарга жөнөрүңдө такай “Агындылардан” ала кетер элең. “Эмне кыласың?” десем,  “Шаке, өзүңөрдү окугула деп кыргыздарга берем” дечү элең.

*  *  *

Сен Салижан Жигитовду, мен Кубатбек аке Жусубалиевди жакшы көрөр элек. “Сен акылдуу кишини жакшы көрсөң, мен акылман кишини жакшы көрөт экемин” дечүмүн.

*  *  *

Классташтарың көп болчу. Атаң “Ак Торпок”—Жумагул акебиз кезинде селсебет болуп, ар кайсыл колхоздо иштегендиктен сен Өзгөрүштө да, Талды-Сууда да, Баш-Кайыңдыда да окугансың.

*  *  *

Өлүм жөнүндө сүйлөшө калганда, “Шаке, силер өлүм эмне экенин билбейсиңер, мен билем, анткени мен өлүп тирилгем, төрөлөр замат “тиги дүйнө дегени кандай болду экен, көрүп келе калайын” деп, ал жакта эки-үч саат “жашай” калып, кайра келген баламын” деп, “өмүр баяныңдын” ошол жерин боорду эзгидей кылып айтып бергениңди эстейм. Көрсө сен мартта төрөлүп, байлап турган жаз болсо да, Ат-Башыга мартта эле жаз келе коймок беле, кар аралаш күн “чычкаактап”,  андан да сен кычап, араа төрөлүп, эмчек эме албай, дем алганың билинбей, Өзгөрүштүн ит өлгөн суугунда муштумдай болуп көгөрүп жаткан түнүңдө, агездеги жаш келин Сайра апаң: “Бала өлүп калды” деп ыйлап, “Өлүп калса эмне кылмак элек, Кудайдын жазганы ошол, далис­ке чыгарып коө тургула, эртең күн жарыкта жашырып коебуз” деп улуулар айтып, анан сен ансыз да таштай муздак далисте, болгондо да темир таштектин ичинде жатканыңда, үйдөгүлөр “жат-жатка” келишип, анан атаң Ак Торпок сыртка чыгып кайра кирип келатканда ороо-чулгооң кыбырап-тыбырап кетип, “тирүү экен, тирүү экен” деп, калдаңдап барып апаңа айтып, анан апаң ала коюп койнуна катып, эмчек салса чопулдатып соруп, анан “тирилип” кеткениңди келиштире кеп кылар элең.

*  *  *

Сен өнүккөн өлкөлөрдүн жетишкендиктерин, ийгиликтерин тынбай айтканды жакшы көрчүсүң. Ашкере батышчыл болчусуң. Ат-Башынын алыс жери көп, бирок эли аз айылынан  чыкканыңа карабай, качан болсо европалашып турар элең.

Сен Кыргыздын кымбат кыздарынын бири Чынара Жакыпованын мектебинен окугансың. Чынаранын мектебинен окуган балдар-кыздардын баары мыкты чыктыңар. Кээде сен Батышты сүйгөндүгүңдөн  кийимин да туурап кийчүсүң. Биздин ыкшоо, анча-мынчаны кенебеген, тоңмоюн тоолук кыргыздарга Батыштын шапкесин кийгизем деп убара чегип, кийбей койсок жаңың кашайган күндөр да болгон. Бирок эч качан ындының өчүп, үмүтүңдү үзүп, кол шилтеп басып кеткен күңүңдү көрбөдүк. Жеткен оптимист элең. Кыргызстандын өсүп-өнө  турганына, кыргыздар жаркын келечекке, жакшылыкка жетерине укмуштай дем менен ишенчүсүң, бизди да ишендирчүсүң. Ошко барып келген сайын териңе батпай, “Сонун балдар-кыздар бар экен, трайбализм оорусунан небак кол жууган, креативдүү, калыстыкты туу кылып, акыйкаттыкка умтулган, заманбап жаштар менен таанышып келдим Шаке, буюрса баары жакшы болот” деп кубанар элең. Тургунбайды ошон үчүн Баткенден апкелип, өзүңө жардамчы кылып алгансың. Кечээки журналисттер, бүгүнкү депутаттар Аида Касымалиева менен Жанар Акаев сенин окуучуларың болчу. Сен бул өңдүү окуучуларың менен ар дайым сыймыктанчусуң. Сенин окуучуларың көп. Мен да сенин окуучуңмун, Султанбек!

*  *  *

“Шаке, кыргыз деген далайды көргөн эл. Башына кандай калайман күн түшсө дагы аза күтүп, мүңкүрөй берген эмес. Күйүтүн күбүп салып басып кеткен, кайгысын кагып салып жеңген, белди бекем бууп, жашоосун уланткан!” деп айтканды жакшы көрчүсүң. Сени менен чогуу жүргөн адам эч нерседен коркпой, баатыр болуп кетчү.

*  *  *

Сен грузин элин жактырчусуң. Ошол элдин мүнөзүн, жүргөн-турганын, тоо суусундай шардыгын, бир грузин үчүн миң грузин жанын берерин, намыскөйлүгүн, мамлекет дегенде өлүп берерин мисал кылып, жазуучуларынын жазганын, киночулары менен сүрөтчүлөрүнүн тартканын айтып түгөталбай кетчүсүң. Кээ бирде “Биздин киночулар тоолук кыргыздын чыныгы мүнөзүн даана көргөзгөн бир дагы фильм тарталбай койду Шаке, сценарий жазбайлыбы” деп жиберер элең.

*  *  *

Биз—Жыргалбек, Кыялбек, мен болуп барып, Стамбулдан операция жасатарыңа саналуу күндөр калганда телефон аркылуу сүйлөшүп, дем берип кайтканбыз. “Жатам ушинтип, төрт дубалды тиктеп, түрктөрдүн атактуу нейрохирургу Америкадан төрт күндөн кийин келет экен, коө бергиле, ага дейре иштеп келе коөюн десем чыгарбай жатышат” дегенсиң. Ошондо биз Стамбулдун врачынын эмес, Кудайдын колунда турганыңды сезгенбиз.

*  *  *

“Азаттыктан” кетерде “кетпейле койсоңчу?” дегенибизди уккан жоксуң. “Ээлигип” алган жаныңды токтотууга мүмкүн эмес болчу. Анын үстүнө Алыкул айткандай көңүлүңдө “элим үчүн бир чоң килем соксом” деген аруу тилегиңе эчким кыянаттык кылгысы келбеди. Алтургай эки ортодо чуркап жүрүп, жумалап ишке чыкпай калган күндөрүңдү да радионун Прагадагы жетекчиси Венеранын унчукпай кечире билген мыктылыгын сен экөөбүз кантип танабыз. “Кетпе, Суке, “Азаттыктагыдай” коллективди эми эч жерден таппайсың” деп айтып-айтып кала бергем.

*  *  *

ЭлТРге барып бат эле сиңип кеттиң. Сыягы өзүңдүн журналисттигиң жана ал жерде канча жылдан бери телевидениеде иштеп, тележурналистиканын сырын да, чырын да эң сонун билген, сени андан да сонун билген досуң, курсташың, кезинде анын жоктон барды жасаган иштермандыгын, эмне иш жасаса да майын чыгара жасаган мыктылыгын, башкалардан атан-төөдөй артыкчылыгын тамшанып, “Жөн жүрбөгөн Бекешов” деп жазган Бейшенбек Бекешовдун ошол Эл ТРда болуп калганы сага аябагандай эле чоң жардам болду окшоду.

*  *  *

Анан башкы директор болуп КТРга кеттиң. Барарың менен сени каалабаган мафиянын каршылыгына туш болдуң. Алардын баарын үйүнө чакырып туруп, “токтоткула!” деген бир ооз сөзү менен маселени кан буугандай чечип салган Болот Шерге ыраазы болуп келгенсиң. Ошентип шымаланып иштеп калган кезиңде чуу чыкты.  Монголиянын президенти түшкөн самолөттогу окуяны сенин кызмат ордуңа кызыккан бирөө түтүнү алысыраак жерге тарагыдай кылып жакшылап үйлөп туруп, көбүртүп-жабырткычтары аркылуу интернет сайттарга кой жайгандай жайып жиберди. Ал чуу чуулдап олтуруп депутаттарга чейин жетип, ошондо болгонун болгондой айттың да, арызыңды жазып берип кетип калдың. Бул да сенин мүнөзүңдөгү эркектик касиеттериңдин бири болчу.

*  *  *

Мурдагы басылышын окугандан кийин өзү чакыртып, “эми мен чыгарып берейин” деп, өз каражатына бастырып берген жакшылыгын унутсам Кудайдын кусуру урбайбы, жакшылыкты унуткан адам качан оңчу эле, кылган жакшылыгын унутпай, Кудай алдында  карыз болбой, ыраазылыгымды айтып, “Агындыларды” колуна берип коөюн деп, сенин жардамың менен экс-президент Алмазбек Атамбаевге киргенимди билесиң. Ошондо сөздүн ыгы келе калып:

-Алмаз, бүтүндөй дүйнөнү дүң кылган Чыңгызхандын урпактарына кыргыздан бөлөк ким батынып кол сала алмак эле? Мындай эрдик бир келсе кыргыздын Султанбектей жигиттеринин гана колунан келет эмеспи!-деп айттым, Суке, президент жыргап күлдү десем, муну күтпөгөн жаның жайнап күлүп, чындап сүйүнгөн элең.

*  *  *

Химиялатып келген сайын “Түркиядагы элчибиз Ибирагим Жунусов такай келип-кетип ахыбалымды сурап турду, адамгерчилиги мыкты жигит” экен дечү элең.

*  *  *

Көз жумарыңан үч күн мурун кабинетиңе бизди—Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз филармониясынын директору, Кыргыз Эл артисти Кыргызбай Осмоновду, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын директору, Кыргыз Эл артисти, профессор Тенти Мураталиевди, улуу комузчу, СССРдин Эл артисти Самара Токтакунова эжени, мени чакырып алып, өзүңдүн эмес, кыргыз өнөрүнүн өмүрү жөнүндө, комуздун өмүрү жөнүндө сүйлөштүң эле. “Буюрса айыктым, алтургай футбол тебесиң деди врач” дедиң эле. Көрсө, ошондо биз менен коштошуп жаткан турбайсыңбы. 2018-жылдын 8-октябрынын түнүндө үзүлүп кете берипсиң…

*  *  *

Бүгүн, эми өзүңө аза күтүп, жаныңдай жакшы көргөн атаң Жумагул акеме, апаң Сайра апага, бир туугандарыңа, сен ооругандан баштап жаңыңда болгон күйөө балаң Алтынбекке, кыздарың Айгерим, Айдай, Касиетке, уулуң Жаншерикке кайрат айтып олтуруп, ушуларды айткым келди. Султанбек, сен фронтто жүрүп курман болгон жоокердей, мамлекеттик кызматыңда иштеп отуруп өмүрүң менен кош айтыштың.

*  *  *

“Министрликтин туалетин көргөндө жанымдан түңүлдүм. Киши-кара келсе, “бул эмне деген өлкө?” деп ойлобойбу, өкмөттөн акча сурап жатам, жардам беребиз деди,  биринчи эле туалетинен баштайм, анан айлыктарын көтөрөм” деген элең. Аныңды аткарып, канча жылдан бери кароосуз калган подвалынан бери оңдотуп, сага чейинки министрлер тирүү жүрүп аткарбаганды кетип баратып сен аткарып кеттиң. Ансыз да жарыбаган айлык акылары менен жашап келаткан өнөр адамдарынын  айлыгын 80 процентке көбөйттүрүп кеттиң. Маданият кызматкерлеринин баары бүгүн сага ыраазы болушууда, Султанбек! Алгандары өздөрүнө буюруп, сени эстеп, куран окуй жүрүшсө болду.

*  *  *

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге, Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевге сен аябай ыраазы болуп кеттиң. Алар сенин ар бир саатыңды, ар бир күнүңдү бир аз болсо да узартып калыш үчүн колдон келгендин баарын жасашты. Биз досторуң ушулардын баарына күбөбүз.

*  *  *

Иш сапарында жүрүп, аза күтүү зыйнатыңа үлгүрбөгөн менен  топурак салганга үлгүрүп, атаңа көңүл айтып, бейитиңдин жанында турган Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго ошол күнү баарыбыз ыраазы болгонубузду да айта кетейин.

*  *  *

Ысмайыл акын агабыз улуу комузчу Атайды жерге берип жатканда::

Комузчу Атай өлгөндө,

Кордугу күчтүү шум ажал,

Кол барбай турду көмгөнгө!—деп ырдаган эмес беле.

Суке, Султанбек! Деги эле бул жалган дүйнөдө БҮЧҮСҮ БҮТҮН, БҮТҮНҮ ЭСЕН жан болбойт тура. Биз да сени бүгүн кара жерге, эми мындан ары эч качан жарыгы болбой турган караңгы жерге, эми мындан ары эч качан жылуусу болбой турган, от жагылбай турган муздак жерге, эшик-терезеси жок жабык жерге, кире турган капкагы, чыга турган жолу жок туюк жерге кантип берерибизди билбей турабыз.

*  *  *

Ооруп жатып бир ирет, бул дүйнөдө Кудайдан бөлөк эчким жооп бере албай турган: “Эми мага атам топурак салып калабы?”—деген сөздү айттың эле.

*  *  *

Кош, Султанбек, бир боорум! Элиңди-жериңди жаңыңдай жакшы көрчү элең. Элиңе ыраазы бол. Жериңде биз турганда унутулбайсың. Биз сага ыраазыбыз. Жакшы кал! Коркпой жат!

Шайлообек Дүйшеев,  Кыргыз эл акыны.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here