Камчыбек Ташиевдин түшүнө Ак үйдүн тосмосу эле кире берери аныкталды. Саясатчы чалыш Камчыкең өткөндө  Хабиб октогондон секирип чыгып, Конордун досун тумшук талаштыра соккондо, кубанып кетип: “Хабиб өзүбүздөн экен, тосмодон ашып өттү”- деп соц баракчасына жазып, элди бир күлдүрдү. Андан кийин: “Ак  үйдүн  тосмолорун акыры түбү менен жоготом” – деп интервью берди. Айтор, Камчыкең тосмону эле какшап айтып калыптыр. Тосмонун артынан тор артына жатып чыкты эле. Камчыкең, шайлоодо Сооронбай Жээнбековду катуу колдоп, бир бакыйган кызмтка барам деп колун ушалап турду эле. Андан бери жыл айланды. Кызмат эмес, кызматтын жыты да жыттанган жок. Ташиев  минтип буулугуп калганда, эч нерсеге карабай  тосмодон секирип кетчү эле. Деги, дагы шайтанга азгырылбай шүк жүрсө экен…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here