Ош—Бишкек жолунда оор жүк ташуучу автоунаа 15 жылкыны сүзүп өлтүргөнүн Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү кабарлады.
Маалыматта: кырсык Ош—Бишкек жолунун Таш-Көмүр шаарына караштуу 448-чакырымында 15-октябрда таңкы саат 04:00 чамасында катталгандыгы айтылат. Сүлүктү шаарынын тургуну А.Тилек «Мерседес-Бенц 2540» унаасы менен Бишкеккке баратканда унаасын токтото албай калып, жылкыларды сүзүп кеткен. Натыйжада 15 жылкы жан берген. Ал эми анын үчөөсүн, адалдап мууздоого үлгүрүшкөн.