12-сентябрда Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында уурулар 70 миң доллар салынган сейфти үйдөн чыгарып кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.

Сейфте акчадан тышкары алтын зер буюмдар, Швейцария сааттары жана бир нече фирманын документтери болгон. Ал эми сейфтин салмагы 150 килограммдай болгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында  буга чейин бир нече жолу соттолгон 27 жаштагы Щ.А. аттуу жаранды шектүү катары кармалды. Алдын ала маалымат боюнча уурулукка үч адам катышкан. Алардын экөө ким экени такталып, учурда изделүүдө.

Дагы: https://sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here