Мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери Жуман Акималиев аксакалдын ысымы кыргыз коомчулугуна жакшы маалым. Ал КММИни бүткөндөн кийин, эмгек жолун Нарын облустук ооруканасында бөлүм башчы, медицина окуу жайынын директору, Ак-Талаа райондук ооруканасынын башкы врачы, Нарын облустук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1972-1980-жылдары Нарын облустук соватинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1980-1985-жылдары Нарын шааркомунун 1-катчысы, 1985-жылдан Элдик контролдун, Ысык-Көл облустук комитетинин, жаратылышты коргоо комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. 1966-1971-жылдары, 1992-жылы да кайрадан “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин башкы врачы болуп иштеген. Учурда Республикалык Ден-соолукту чыңдоо борборунун директорунун орун басары болуп үзүрлүү иштөөдө.  Мына ушундай өмүрү өрнөк агабыз быйыл 80 жашты серпип турат. Биз айтылуу инсандын 80 жылдык мааракесине байланыштуу агабызды жакшы билген, анын кол алдында иштеген кыргыздын белгилүү  саясатчыларынын  бири Нарынбек Молдобаев менен маектештик. Нарынбек мырза, бизге Жуман Акималиевичтин бейнесин ачып берди десек болот

 —Нарынбек мырза, сиз кезинде Жуман Акималиев менен бирге иштешип, ал кишинин таалим-тарбиясын алып калган экенсиз. Бул инсан тууралуу эмне айтасыз?

 Өмүр адамдын баарына эле берилет. Бирок карылык баардык адамдардын баарына эле бериле бербейт экен. Карылык – бул Кудайдын белеги экен. Жуман Акималиевич байкебиз Жараткандын ушундай улуу белегине арзып, 80 жашты серпип олтурат. Чынында 80ге чыккан адамдар аз да. Сексендин секисинде турса да, менден жаш, менден тың десем болот. Себеби, 80ге чыккан  айрым адамдар атын унутуп, кыйналып үйүндө жатышат. Бул инсандын  негизги кесиби врач. Ден соолугун мыкты карап, сергек жашоодо  жашап келген. Бирок мен Жуман Акималиевичти врач катары эмес, мамлекеттик, партиялык чоң ишмер катары жакшы билип калдым. Мен 1979-жылы Нарын горкомпартиянын оргкомитетине инструктор болуп ишке орноштум. Ошол кезде Жуман Акималиевичтин аты катуу чыгып  Облисполкомдо жетекчинин орун басары болуп иштеп турган. Көп өтпөй Нарын горкомпартиянын  жетекчиси болуп келет дегенди угуп, биз  абдан чоочулап жаттык. Себеби, бу киши талапты катуу койгон, каардуу киши  катары баарыбызга жакшы маалым болчу. Ошентип, жетекчи болуп келип, ишке катуу киришти. Ал кезде Нарын шаары абдан чакан эле, эки-үч эле ишкана, чарбасы деле чакан эле.

—Катуу киши болчу деп жатасыз. Ушул багытта эсиңизде калган окуялардын кеп кылсаңыз?

 —Мен мисалы үчүн атасы жок жетим өскөм. Тууган да жок, энеме эле эркелеп өстүм. Атанын тарбиясын көрбөдүм. Жигит болуп, өз алдынча иштеп баштаганымда Жуман Акималиевичтен көп тарбия алдым. Бир жолу жыйналышта чарчагынымдан бутумду сунуп койдум. Ал киши мени карап: “Молдобаев тарт бутуңду” – деп өктөм сүйлөдү. Дагы бир жолу пленумда бул киши доклад окуп жатканда, мен саатымды байкоосуздан карап койдум. Анымды байкап калган экен, докладын токтотуп: “Эмне Молдобаев? Акималиевдин доклады регламенттен ашып кеттиби? Эмне саатыңды демонстраивно карайсың?”- деп дагы өктөм сүйлөдү эле, анда да жүрөк бир болк эте түшкөн.  Ошондон кийин жыйналыш учурундагы жөнөкөй эрежелерди сактоону жакшы үйрөнүп калдым. Жуман Акималиевичтен мына ушундай жөнөкөй тарбиядан тартып турмуштук, кызматтык чоң тажрыйбаларды алдым десем болот. 1980-жылдардын башында болсо керек эле. Менин машине алайын деп аракет кылып жүргөнүм Жуман байкебизге жетип калган экен. Ал киши мени чакырып: “Эмне машине алганы жатасың? Акчанын артынан түшүп калгансыңбы?  Сен азыр жашсың. Мезгили келет, ошондо акчанын алдына басылып каласың!”- деп катуу тилдеп койду. Ошону менен унчукпай калдым. Ушундай тарбияга чакырып сүйлөгөндө, мен “атаң көрү ушундай бир атам болсо, мен турмушта башкача адам болуп, көп нерсени билип калмак экенмин” – деп ойлоп калчу элем.

Жуман Акималиевич менен Нарынбек Молдобаев

—Бул кишини Нарын шаарын кайра жаратты, жаңыча курду десек болот да…

 —Туура. Чынында Жуман Акималиевич Нарын шаарын көтөрүү, өнүктүрүү үчүн өзүнүн кол алдындагылар менен күнү-түнү иштеди. Мисалы, ошол кездеги 3 курулуш ишканасы менен Нарынды кайра куруу мүмкүн эмес эле. Бул киши ошол өндүрүш мекеменин санын кыска убакыттын ичинде 13кө жеткирди. Ошолордун баарына алар иштеп жетише албаган жумуштарды уюштуруп турду. Мисалы, Нарын шаарынын наркы өйүзү (Нарын дарыясынын наркы өйүзү) ал учурда талаа болчу. Кемел Ашыралиев агабыз ошол кезде Нарын облкомпартиянын секретары эле.

Ал киши: “Жаш кезде  наркы өйүздө шаар болсо, наркы өйүз, берки өйүз болуп мушташпайт белек дечү элек” – деп айтып калчу. Ал кишинин бала кездеги ойлогон тилегин Жуман Акималиевичтер ишке ашырды. 10 миң адам жашаган Москва районун курушту.

Нарындагы Москва району. 1980-1985-жылдарагы сүрөт

Эгерде ошол кезде Нарын шаарында болгону 40 миң адам жашаса, ага кошуп дагы 10 миң адам жашай турган жаңы район пайда болду. Болгон көчөлөрдүн баары асфальтталып,электр жарыгы орнотулду, жаңы көпүрөлөр курулду. Ал учурда Нарын шаарында Чек арачылардын эле паркы бар болчу. Бул киши 3 парк курду.  “Алма бак” паркын, жогоруда айткан Москва районуна  22 гектарга парк курду. Кыскасы,  ошол мезгиле Нарын үчүн Матен Сыдыков экөө катуу иштешти. Бул кишинин учурунда 5 жыл катары менен Өтмө Кызыл-Тууну алып турду. “Иш жасаган ишине, аш жасаган ашына кубанат”- дегендей бул кишилердин жасаган эмгектери боюнча союз урагандан кийин бир топ аксакалдар: “Матен Сыдыков менен Жуман Акималиевдин куруп, жасап койгон мекемелерин, курулуштарын эмдигиче талкалап, уурдап  бүтө албай жатабыз. Чекеси оюла элек ”- деп айтып калышчу. Жуман Акималивич, Нарында баш-аягы  20 жыл жооптуу кызматтарда иштеди. Ал эми Ысык-Көлдө 27 жыл ар кандай жооптуу кызматтарда эмгектенди.

Нарын шаары…

—Сизди ошол учурда Нарын облустук драм театрына ушул киши дайындады беле?

 Мени инструкторлук кызматтан пропаганда  боюнча бөлүмгө которгон. Нарын театры ошол учурда эле абдан белгилүү болчу. Бирок жамаат анчалык ынтымактуу болбой, интрига күчөп, чөгүп бараткан. Ушундан улам, бир күнү Жуман Акималиевич мени чакырып алып: “Сени театрга жетекчи кылып алып баралы. Театрды көтөргүн”- деди. Негизи мен өзүм гуманитардык багытта билим алганым менен, театрга, искусствого эч кандай  деле тиешем жок эле. Ошентип мен 1984-1986-жылдары театрды жетектедим. Мен деле бир аз мактанып кетейин, эки жыл ичинде артта калып, унутта калган театрды Кыргызстан боюнча  бардык көрсөткүчтөр жагынан биринчи орунга алып чыктым. Тбилиси  шаарында бүткүл союз боюнча өткөн фестивалга катышып, экинчи орунду алып келдик. Ошонун негизинде бизди Москвага декадага чакырышты. Ага чейин облустук театр Москвадагы декадага катышып көргөн эмес.

М. Рыскулов атындагы Нарын облустук театры. 1980-жылдардагы сүрөт

—Ал кезде Нарын театрында да бир топ залкарлар иштеп турган да…

 -Ооба. Айтылуу актёр Капар Медетбеков Москвага декадага барганга чейин Кыргыз Эл артисти болчу. Декадага катышып келгенден кийин, тагыраагы Горбачевдун акыркы указы менен  жалгыз ушул адам СССРдин Эл артисти наамын алды. Андан тышкары,  менин учурумда Сейитказы Андабеков, Тамара Жумакаева Эл артисти наамын алышты. Бул эки инсанга наамды  Жуман Акималиевич Турдакун Усубалиевичке улам кирип жатып, алып берген. Себеби, бул наамды алыш үчүн актёрдун жогорку билими болуш керек эле. Алар билим алышкан эмес, тубаса таланттар эле. Болгон  билимдери 7-класс  экен. Ал эми  режиссёр Алмаз Сарлыкбеков Достоевскийдин  “Кылмыш жана жаза” чыгармасын койгон үчүн, Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты болду. Аны менен бирге “Маданиятка эмгек сиӊирген ишмер” наамын алды. Назаралиев, Набиев, Меӊдибаировдор Эмгек сиӊирген артист наамын алышты.

Жуман Акималиевич таланттуу адамдарды абдан баалап, сыйлачу. Театрдын аброюн көтөрүү үчүн эл ичиндеге мыкты таланттарды түз эле театрга иштөөгө шарт түзүп турду. Мисалы, Эл артисти Күмөндөр Абыловдун атасы Мукул Абылов абдан чоӊ комузчу болчу. Азыр эл Болуш Мадазимов укмуш чоӊ комузчу эле деп эскерип жатпайбы. Республикалык сынакта Мукул агабыз  комуз чертүү жагынан Мадазимовдон ашып кеткен. Экөө жарышып комуз чертишкен. Мукул агабыз сахнага чыгып, бут кийимин чечип, комузду буту менен укмуш черткен. Эл абдан таӊ калып, суктанып эле калган. Ошондо ал кишиге биринчи орунду бере турган болушкан. Бирок ал кездеги Маданият министри Кондучалова: “Кыргыздын бир жалгыз аспабы болсо, аны мазактап бут менен черткен уят” – деп саясый жагын карап, бердиртпей койгон. Чынында Мукул агабыз комуз черткенде  эл туруп алып кол чабышчу. Мына ушундай таланттуу адам Аксайда кочкор багып жаткан жеринен Жуман Акималиевич театрга алып келип, мага: “Мукул Абыловду театрга кызматка аласыӊ”- деди. Алдым. Андан кийин Кочкордо Ырыс Жумакунова деген мыкты ырдаган келинди театрга алып келди. Дагы бир күнү мага: “Нурак Абдырахманов деген чоӊ комузчу жүрөт Фрунзеде. Аны да театрга алып кел, мен ага үй берем. Нурактан башка да кыйын чыкма таланттардын баарын алып келе бер. Мен аларга үй берем”- деди.

Нарын шаарын көрктөндүрүү үчүн Чкалов мектебинин окуучуларынын ар бирине бак тиктирип, ар бир окуучуга атайын бирка менен жаӊы олтургузулган бакка атын кошо жаздырды. Ар бир окуучу өзү тиккен багына ары өтүп деле, бери өтүп деле суу куюп, айтор соолутпай кастарлап өстүрүштү. “Зеленстрой” деген мекеме ачып, ал жерге гүлдү ушунчалык сүйгөн Роза Өмүрзакованы кыйнап жатып алып келип иштетти. Кийин Нарындын борбордук паркына Өмүрзакованын атын беришти. Кыскасы, агабыз Нарынды ушунчалык жаӊыртты. Нарын шаарын 5 жылдай жетектеди. Бирок ошол 5 жылдын ичинде  50 жылда жасала турган иштерди жасап кетти.

—Мамлекет Жуман агабыздын эмгегин өз деңгээлинде бааладыбы?

—Нарын  шаарынын жетекчилиги, депутаттар бул кишинин эмгегин эске алып, ошол паркка Жуман Акималиевичтин ысымын ыйгарышты. Ошондой эле, Нарын шаарынын, Нарын облусунун Ардактуу атуулу наамын беришти. Кыргыз Респуликасынын Эмгек сиңирген дарыгери наамынын ээси. Бирок бул инсан мындан да бийик мамлекеттик наам-сыйлыктарга татыктуу болчу. Бийлик бул адамдын эмгегин көз жаздымда калтырып койду. Мындайча айтканда, эмгеги толугу менен акталбай калды.

Мисалы үчүн Жуман агабыз Нурсултан Назарбаев менен бир группада чогуу окуган. Назарбаев Акаевдин учурунда Ысык-Көлгө учуп келгенде, Жуман агалар тосушкан экен. Ошондо Назарбаев Жуман агага өзү басып келип: “Жумаке” деп кучактап, абдан жылуу учурашканын билебиз. Сыйлык алам десе, Назарбаевди деле колдонуп, Акаев заманында эле далай сыйлык-наамдарды алып коймок да. Агабыз андай жолго барбады. Анткени,  ушунчалык таза, бийик адам да. Ушундай гана адамдар сыйлык-наамдарга жулунушпайт. Азыр да 80 жашка келсе да, Бишкектеги Ден-соолукту чыӊдоо борборунун жетекчисинин орун басары болуп иштеп, жаштарга үлгү көрсөтүп жатат.

Булак: Багыт

 Суроо салган Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here