Жакында эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова кызматтан кеткени баарыбызга маалым. Бирок ал кадимкидей  эле иштеп, өз билгенин кылып жатат деп бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касмалиева ачыктап, буларды айтты

 -Таалайкүл Исакунова кызматынан кетсе дагы, жумушуна барып мурунку даталар менен буйруктарды чыгарып, кызматкерлерин мыйзамсыз жумуштан кетирип жатыптыр. Мага министрликтин кызматкерлери арыз менен кайрылып жатышат. Жумуштан кеткенден кийин мамлекеттин ишине кийлигишип жатканы бул кылмыш. 

Ысык-Көлдөгү көчмө жыйында баары ачыкталды, элдин көбү жөлөк пул ала албай жатканда булар 1 миллиард 300 миллион сом үнөмдөп калышкан. Муну каржы министринин орун басары дагы тастыктады. Мен муну текшерүүгө берем.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here