Кочкордон чыккан кыргыздын чыгаандары: бир туугандар Бейшенбек Иманалиев, Калыкбек Султановду жалпы коомчулук жакшы билет. Бул инсандар бүтүндөй мамлекет үчүн ат көтөргүс асыл эмгектерди жасап келишет. “Ааламга жол айылдан  башталат” демекчи,  бир туугандар Кочкордогу өздөрү туулуп өскөн айылды да унутта калтырбай гүлдөтүп жатышканы да көпчүлүккө маалым. Багы далил катары жакын арада эле жасалган, бирин-эки иштерди айта кетели.

Бейшенбек агабыз Ак-Жар айылына  30 сотых жерге чоң атасы Иманалы аксакалдын атынан заманбап, көздүн жосун алган гүлбакча курду. Бул ишке жалпысынан 7 миллион сом сарптаган. Өткөн жумада ага-тууганды чакырып, гүлбакчанын ачылышын салтанаттуу түрдө өткөргөнү маалым болду. Ал эми Бейшенбек мырзанын иниси Калык мырза болсо ушул эле айылга 24 миллион сомго спорт комплекс куруп бүтүптүр. Эмки айда ачылышы болот экен.  Болсун дейли. Бул Ак-жар айылынын эли, айрыкча айыл өкмөт башчысы жыргаптыр. Айылдагы маселенин баарын ушунгай агаларыбыз чечип жатса, ал шыпка түкүрүп эле жатса керек. Кочкордогу ушул сындуу жаңылануу иштерден дагы улайлы. Шамшы айылынын эли да өздөрү акча чогултуп, спорт зал куруп алышыптыр. Бирок бул иштин каржылык жагына ушул айылдан  чыкамалары  көбүрөөк салым кошуптур. Ал эми Кум-Дөбө айылынын аймагынан барит ташын казып жаткан кытай компаниясы соцпакеттин эсебинен аталган спорт комплекс салып жатыптыр.

Булак:Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here