Жогорку Кеңеш Кыргызстандын тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин бир добуштан колдоду. Добуш берүүгө катышкан 101 депутаттын баары тең «макул» деп добуш берди.

Айдарбековдун талапкерлигин көрсөтүп парламентке өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү барды.

Ал 41 жашта. Буга чейин ТИМде, Өзбекстан, Түркмөнстандын  элчиликтеринде, 2011-2016-жылдары  президенттик аппаратта, Жогорку Кеңеште эмгектенген.  Айдарбековдон башка деле талапкер тапталган жок окшойт. Тажрыйбасы азыракк болсо да, жаштардын өкүлү экен. Жакшы иштеп бергиси бардыр. Ал мамлекеттик ишмер, 1937-жылы репрессия курмандыгы болуп кеткен Иманалы Айдарбековдун небереси экени маалым болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here