—Сизди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жетектейт дешти, андан кийин Бишкек шаардык милициясын кайрадан башкарат деп  көп кеп болду. Бул боюнча чын эле сунуштар болгонбу?

 Булар эми жөн эле сөздөрдүн бири го дейм. Мен өзүм деле кызмат сурганым жок. Чакырбаса, сунуштабаса… Өзүң билесиң мен эми кошомат айтып, кишинин ичи-койнуна кирип кетмейим жок.

—Президенттик шайлоо учурунда сиз баштаган бир топ генералдар Сооронбай Жээнбековго иштеп, ал үчүн көп добуш алып берүүгө чоң салым коштуңар. Ошол генералдардын бир тобу кызматка дайындалышты.  Коомчулукта: “Сизди кызматка качан барат?” – деп кызыккандар көп да…

 —Чынын айтканда, Соронбай Шарипович менен илгертен эле мамилебиз жакшы. Губернатор болуп турганда да биз көп кыйын иштерди бирге бүтүрдүк. Сооронбай Шарипович кызматтын баардык тепкичин басып өткөн союздун мамлекетчил кадры. Тажрыйбасы мол. Таза адам. Мен ушундан улам шайлоо учурунда өз каалоом менен ал кишинин Нарын облусу боюнча ишенимдүү өкүлү болуп иштеп бердим. Эми башкаларга кызмат берип жатат, мага бербей жатат дегенден алысмын. Балким керек учурда чакырат. Кызмат берсе кызматта жакшынакай иштеп берүүгө даярбыз. Болбосо таарыныч деле жок. Сооронбай Шарипович президент болгондон кийин эки ирет жолукканыбызда коррупция, ИИМдеги реформа боюнча өз сунуштарымды айтып бергем. Эми президент болгондон  кийин акыл үйрөтө албайбыз. Бирок өз көз карашымды айтып, кээде угуп калам, мени президентке жамандап баргандар да көп. Анткени, менин душманым арбын. Кызматта  турганда, кээ бир маселелер боюнча принципке туруп чечип койгон учур көп болгон. Ошон үчүн менин кызматка  келишиме  көптөгөн чиновниктер, коррупционерлер каршы да. Бул жагын мен өзүм жакшы билем.

 “Бир жылда болгону 4 миллион сом бөлүптүр”

ИИМ тууралуу кеп кылалы. Кашкар Жунушалиевди жакшы билесиз. Ал кишинин ишине ичи толбой нааразы болуп, сын айткандар да көп болууда. Биз го сыртынан билебиз. Сиз узак жылдан бери жакындан билесиз. Бул бонча  эмне айтасыз?

—ИИМди Кашкарга чейин эле кичине бузуп коюшпадыбы. Атамбаевдин убагында натыйжасыз реформаларды таңуулап, кээ бир кызматтарды кыскартып, кээ бирин  чоңойтуп, айтор өз билгендерин кылышты. Мен бул маселе боюнча Атамбаевге түшүндүргөм. Бирок мен кызматтан кеткенден кийин эле бир айдан кийин башташпадыбы. Чынында ИИМде милция кызматкерлерине жакшы шарттарды түзүп беришибиз керек. Мен убагында милициянын буту баспаган жерлердин баарына жок дегенде деп контейнерлерди коюп, бөлүмдөрдү ачканбыз. Көп үйлөр салынган жана башка дегендей.

Бул маектин видеоформатын төмөндө көрүӊүз:

Кашкар менен мен күнүгө эле сүйлөшүп турам десем болот. Кээде мен барып турам. Ал киши менден айрым маселелерди сурайт. Чогуу кеңешебиз. Тажрыйбаны бөлүшүп жатам. Айтор, ал деле болгон аракетин көрүп жатат. Негизи министрге өз алдынча иштегенге укук бериш керек. Министр изденип иштеп турса эле натыйжа болот. Мен бир нерсени айтайын. Исраиловдун убагында 17 миң кызматкери бар ИИМдин бир жылдык капиталдык ремонтуна деп Каржы министрлигинен 4 миллион сом бөлүнүптүр. Мен ушундай уктум. Жаңылсам, албетте кечирип коюшсун. Бул акча эмнеге жетет? Мен керек болсо, мындай сумманы бир эле РОВДга бөлүп берип койчумун.

Мамлекет министрликке бөлгөн каражатты толугу менен өз убагында берип турушу керек. ИИМди каржылоо менин учурумда 58 пайызга чыкты. Менин билишимче андан жогору көтөрүлө элек. Эми азыр Патурулдук  милицияны кайра түзөбүз деп жатышыптыр. Убагында биз түзүп, сонун кылып ишке киргизип койгонбуз да. МАИ кызматкери бир жерде турганда ошол эле тегеректи көрөт. Ал эми машине менен шаар ичин кыдырып жүрсө, кайсыл жерде эмне болуп жатканын көрүп, жол эрежелеринен тышкары  да, ар кандай кылмыштуулукту алдын алып турат да.

(уландысы бар)

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here