—Күмөндөр байке, быйыл 60 жашка келип калыптырсыз. Кутман курагыӊыз кут болсун!  60 жылдык  мааракени кандай  өңүттө белгилегени жатасыз? Сиз дагы белгилегени жатыптырсыз. Алгач  ушул тууралуу айтып берсеӊиз?

 —Эми өзүӊ  айткандай 60 жашка чыккандыгыбызга байланыштуу 6-октябрда Кудай буюрса Нарынга барып өзүм өнүп-өскөн театрдан баштап нарындык туугандардын алдынан өтүп, ошол жактан белгилеп келейин деп турам. Андан кийин буюрса 18-19-октябрда Бишкекте филармонияда отчёттук концертим болот. Концерттен соӊ  20-21-октябрда Табылды Актановдун калемине таандык “Өпөӊ-чычаӊ” аттуу  сатиралык комедияны элге тартуулайбыз. Буюрса театрда 60 жылдыкты ошону менен белгилегени турам. Андан сырткары  “Айыл жакка саякат” деген поэма катары жазылган бир китебим чыгып жатат. Бул китебим аркылуу окурманды айылыма алып барып саякаттатып келгени турам. Биздин жердин тарыхы, уламыштары баш болгон белгилүү инсандардын ишмердүүлүгү , анан азыркы цивилизация, глобализациянын тушунда айылга эки жактан келген коомдордун, уюмдардын  кандай таасири тийип жатканы тууралуу маалыматтар китепте камтылган. Анткени жеке эле ушул биздин айыл  эле эмес  жалпы Кыргызстан боюнча кыргызга тиешелүү салттан, тилден баштап улуттук өзгөчөлүктүн баары азыр айылда гана таза сакталып турат.  Андыктан ушуну бузуп албайлы деген гана таризде ушул китепти чыгардым.

—Акыркы жылдары сиз интермедия, сатирадан бир аз алыстап, ушул поэзия, проза, актёрдук жакка көбүрөөк басым жасап кеттиӊиз да. Мунун себеби эмнеде?

—Мунун себеби, актёрлук өзүмдүн ишим. Мен бир кезде 1994-жылдан 2000-жылга чейин 6 жыл ден соолукка байланыштуу Бишкекке көчүп келип, анан театрга кир десе да кирген эмесмин. Себеби бир күн оору, бир күн соо болуп жаман көрүнбөйүн деп өз алдымча мыскыл-тамашанын үстүндө көп иштегем. Ошон үчүн элге мен   жалаӊ эле мыскыл-тамаша менен алек болуп калгандай таасир калтырсам керек.

—Сиз айткандай ал учурда “Аралаш” куудулдар театры өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп биздин куудулдар жигердүү иштеп турганда күлкү дүйнөсү азыркыга салыштырмалуу элге жакшы сезилчү да. Эми азыр болсо баягы күлдүрүүнүн ыкмасы жеӊил-желпиге айланып кеткендей. Буга кандай көз караштасыз?

—Союз тараган 90-жылдардан тарта 2000-жылга чейин өлкөдө аябай кымбатчылык өкүм сүрүп, элдин турмушу оор болуп акыбал начарлап кеткен. Ошол учурда театрлар дагы ишмердүүлүгүн токтотуп акча жок көп спектаклдер коюлбай, көп кинолор тартылбай  калган. Айла жок эл мыскыл-тамашага ооп кеткендиктен ушул жанр бизге көбүрөөк кызмат кылды деп айтсам болот.

—Азыркы жаштардын сатирасы тууралуу эмне демекчисиз?  

—Азыркы жаштар улуу инсандардын өмүр жолубу, же чыгармачылыгы болобу китептен окубай эле керектүү маалыматтарды үстүртөдөн интернеттен карап койгон сыяктуу күлкүлүү гана жерин бирөөсү суроо берсе, экинчиси жооп берип ошону менен гана чектелгендей байкалат. Мисалы  “Тамашоунун” кыска номурларын мен  тарс этме деп баалар элем. Тарс этмелерден куралып отуруп бир сатира, сатирадан интермедия, интермедиядан пьеса жаралышы мүмкүн. Демек, интермедияга караганда азыркы комедия, спектаклди көрсөӊ толук бир чыгарманы окуп  көргөндөй таасир аласыӊ.Ал эми интермедия спектаклдин бир бөлүгү. “Тамашоу” болсо ошол интермедиялардын бир көрүнүштөрү. “Тамашоу ” да элге кандайдыр бир багыт берүү азыраак камтылган.  Интермедия, спектаклдерде болсо элге жалпы багыт берилет. Негизи искусствонун адамдары элди ээрчибестен,тескерисинче улуттун, мамлекеттин идеологиясын  элге жеткирип тарбиялашы керек. Ал эми эки ооз сөз менен элди тарбиялай албайсыӊ. Демек, бул  “Тамашоунун”  кыска номурлары толук чыгарма катары эсептелбейт.

—Сиз жакынкы жылдары  бир, эки жолу концерт койдуңуз эле.  Ошону көргөн айрымдар баягы эле интермедияны кайра алып чыкты. Жаӊысы жок экен деп айтып, жазышкан сындарды окуган элем. Эми алдыда дагы 60 жылдыкка байланыштуу концерт бергени жатасыз. Бул концерттен жаӊы интермедияларды көрө алабызбы?

—Эми мындай да. Кээ бир көрүүчүлөргө айткым келет. Кээде жүз пайыз концерттик программаӊды жаӊыртсаӊ дагы эски экен деп чыккандар болот. Анан аларга “өзүӊ көрдүӊ беле?” деп айткыӊ келет. Турмуштун өзү кайталоо. Бир маанидеги күлкүнү ар түрдүү кырдаал менен жеткирсеӊ болот. Анан ал эскидей эле туюла берет. Эми элдин арасында учкул сөздөр, күлкүлүү окуялар дайыма айтылып жүргөн себеби, ошол элге жеткен үчүн айтылат.

—Эми сиздин 60 жылдык мааракеӊиз туулуп-өскөн жериӊиз Нарындан тышкары борбор калаабыз Бишкекте да белгиленгени жатат. Түштүктө да күйөрмандарыӊыз бар эмеспи. Ал жакка да барууну пландап жатасызбы?

—Албетте, алдыда планым бар. Бирок, айланып келип эле баары убакытка, каражатка  такалып жатат.

Маектин видео форматын төмөндө көрүнүнүз.

—Сиздин 2014-жылы тартылган “Сүйүү жазы” деген көркөм тасмаӊыз жакында интернетке чыгып азыр эл өз баасын берип жатат. Анан төрт жыл бою казак коомчулугунан тышкары кыргыз  коомчулугуна да  тартууланбай турду окшойт. Мунун себеби эмнеде?

—Бул тасманы каржылаган казак туугандардын учурунда тасманын бет ачаарын Казакстанда көрсөткөнгө шарттары болбоду. Анан алар каржылагандан кийин бул тасма өзүн акташы керек болуп калды. Казакстанда биздин өлкөгө караганда казактан тышкары орус тилдүү калктын  саны көп болгондуктан биз кинону үч тилге которгонбуз. Кадимки эле актёрлор менен дубляж кылып. Анан биздин максатыбыз-тасманы ошол жакта прокат кылуу керек болчу. Прокат кылмак түгүл тасманын бет ачаарын кылганга шарттары жок болуп калды. Мен аябай күттүм. Кыргызстанга дагы толук көрсөтпөй койдум. Себеби, бул жактан пираттык жол менен интернетке чыгып кетсе эмгектин баары талаага кетет деп. Ошон үчүн мен аларга көз каранды болгондой болуп бул тасманы көрсөтпөй жүрдүм. Улам эмдиги жылы деп отуруп ушул убакка жеттик. Анан мен тасма актуалдуулугун жоготуп эскирип кетет деп акыры интернетке чыгарганга мажбур болдук. Кыргызстанга учурунда тасманын ачылышын өткөрүп 15 күндөй элге тартуулагам. Бул тасманы эл жакшы кабыл алган. Анан кайра элге тартуулаш үчүн реклама кылганга көп каражат кетет экен.

—Бул сиздин режиссёр катары тарткан биринчи тасмаӊыз да.  Тасманы тартканга канча каражат кетти?

—110 миӊ долларга тартылды. Тасманын тартылышына бизден Карганбек Самаков жардам берди. Тасмага кеткен каражаттын теӊинен көбүн казактар чыгарды. Тасманы тартуу идеясы казактарга таандык. Алар биргелешип тасма тарталы деп сунуш киргизгенинен сценарийин жазгам.

—Мындан башка дагы кино тартуу боюнча кандай пландарыӊыз бар?

—Менде дагы эки-үч киносценарийлерден тышкары 17-18 сериялуу жакшы сериал да бар. Каражат маселеси чечилсе эле буюрса элге тасмаларымды тартуулап калгым бардыр…

 

     Маектешкен, Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here