Ошол мезгилде жашап калгандар, аны кадимкидей эле сагынып жатпайбызбы. Совет доорун, СССР мезгилин айттым. Өткөн кылымдын 70-80-жылдары кадимки эле «коммуним» деген коомду басып өткөн экенбиз! Мунун калпы жок…

СССР кубаттуу мамлекет болуп турганда ошол биздин мамлекетке чет өлкөдөн шпиондор кирет деген чанда болчу да. Ар кайсы мамлекеттердин элчилигинде кызмат кылган ошол өлкөлөрдүн чалгын кызматында иштегендер аныкталып, өлкөбүздөн узатылып турчу. Ал кезде дүйнөдө эң кубаттуу эсептелген КГБ мамлекетин ашкере сактык менен кайтарчу да. Анан СССР кандай тарады, дароо эле ыдырап кеткен мамлекеттерге чет өлкөлүк шпиондор толуп кетти. Башкасын айтпайлы, азыр биздин кенедей мамлекетте ондогон мамлекеттердин шпиондору ээн-эркин эле басып жүрүшөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда орустардын, кытайлардын, түрктөрдүн, арабдардын, америкалыктардын… идеялары акырындап тарап жатат. Жылдардын бир жылдарында улуттук идея дегенден куржалак каларыбыз бар. Аныбыз азыр деле дааналанбай турат…

Бизди аябай баскан арабдардын идеясы болуп жатат. Биринчиден, арабдар ислам динин бетке кармап таасир көрсөтүп жатса, экинчиден, эсеби жок мунайзаттын акчасына жакшы тойгузуп жатат. Дин дагы, акча дагы кайсы бир идеяны таратууга, ошол элге жуктурууга керектелчү эң күчтүү курал болуп эсептелет!

Ооба, биз мусулманбыз. Бирок, биз светтик мамлекетпиз, динден бөлүнгөнбүз. Аныбызга каршы туруп, бизди ислам мамлекети чегине чейин жеткирүүгө аракеттер көрүлүп жатат. Ал аракет текке кеткен жери жок… Элестетип багыңыз, биз дамбал-думбал кийип Афганистен менен Пакистандын кейпинде, билимсиз, ач-жылаңач тоңкочуктап турушубуз керек экен го! Жок, ал жол биз үчүн жок!

«Кырса түгөнгүс Кытай»- «ажыдаар» деген бар эмеспи. Ошол мамлекет алдынан чыккандарды «тебелеп-тепсеп» эле кетип баратат.

Эсимде, тээ өткөн кылымдын 70-жылдарында Амур дайрасындагы бир кичинекей аралды Кытайдын аскерлери басып алып, ал жерде турган биздин- СССРдин азгантай аскерлерин кырып салган. Ошондо СССРдин жетекчилиги «талкалагыла» деп командасын берген, айланайын, орус армиясы «Граддары» менен аткылап, аралды кытай-пытайы менен кошо тим эле айдоо кылып салган!

Жогорку Кеңештин «акылы тайкы» депутаттарынын бири Махабат Мавлянова деген неме, ансыз деле күргүштөп кирип жаткан кытайларга визасыз эле уруксат берип коёлу деп жанталашып жатпайбы. Көрсө, бул аялдын кытайлар өзгөчө берилип ойночу жашырын оюн-зоок кумарканалары бар дейт го…

Билинбеген менен кытайлыктар бизди аябай эле бас­ты. Азыр Кыргызстанда квота алып иштегендердин 80 пайызы кытайлыктар дейт. Алардын бизде иштеген жумушчулары келин-кыздарыбызга тийишип, ал тургай сойкуканаларды ачкан фактылар да катталган эмеспи. Анан кээ бир жердерде кытайлыктар чыр чыгарып, аларды тынч­тандырууга милийсалар барса, аларга кол салып, сабаган  фактылар да бар. Бизде арам деп саналган эшектин этин бизнес кылдырып жатат, бака, жылаан сыяктуу жаныбарлардын, курт-кумурскалардын түбүнө жетмей болду! Баарынан да акчанын күчү менен биздин акылы тайкы кыздарды токол кылып алып, четинен туудуруп жатат! Кытайдын бизге берип жаткан карызынын пайызы жогору, мөөнөтү аз. Эми кытайлыктардан кутула албай калдык го. Ошондой болсо да мыйзам чегинде коргонуп турушубуз сөзсүз керек! Колдон келсе кытайлыктарды биздин кенедей мамлекетке жолотпошубуз керек!

Баратбай Аракеев

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here