Жогорку Кеӊештин “Бир Бол” партиясынын депутаты 26-августта Ысык-Көлдү сүзүп өтүү боюнча уюштурулган мелдеште экинчи болуп сүзүп өтүп депутаттарды эле эмес ага катышкан спортчуларды да таӊ калтырган. Жакында эле Парламенттик жыйында Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Артисбекович Бактыбек Сагындыковичти атайын диплом менен сыйлады. Депутатты сыйлыгы менен куттуктап, саясаттан тышкары маектештик.

 -Бактыбек Сагындыкович, маегибизди сиздин сууга сүзүүгө болгон алгачкы аракетиӊизден баштасак. Канча жашыӊыздан бери сууда сүзүп келесиз? —Мен өзүм көл жээгинде чонойдум. 7-8 жашымдан эле суу жээгине балдар менен ойногону бараар элек. Биз анда баарыбыз эле сууга сүзүүгө жөндөмдүү элек. Негизи спортчу катары эмес, мындай сүйүүчү катары бош убактымды сууда өткөрөм.

-Буга чейин сууда сүзүү боюнча спорттук мелдештерге катышып жүргөнсүзбү?

-Ооба бирок, чон таймашта эмес, клубдун деӊгээлинде жарышка чыгып жүрөм. Билсеӊер Карвен клуб деген Бишкекте бассейн бар. Ал жерде бир жылда бир (25 жана 50 метр ылдамдыкта) спорттук мелдештерди өткөрүшөт, ал жакта мен 3 жыл бою жеӊишке ээ болгом.

-Августта өткөн Ысык-Көлдү сүзүп өтүү боюнча спорттук иш чарада экинчи келдиӊиз. 54 жашта болсоӊуз да алигиче спорт менен машыгып, болгондо да байгелүү орунга татыганыӊыз көптөрдүн кызыгуусун арттырууда. Сиздей күчтүү сууда сүзүүчү болуш үчүн кандай сапаттарга ээ болуш керек? Сууда сүзүүчүлөр башка спортчулардан эмнеси менен айырмаланышат?

-Рахмат. Алкыш сөз дем берет демекчи, андай алкоо сөздү укканда ийгилик жараткыӊ гана келип турат. Мен ден соолукту чыӊдоо максатында спортту таштабай келем. Негизи сууга сүзүү бул биринчи кезекте адамдын эркин машыктырат. Анткени биринчи кезекте сууда адам өзүн-өзү тарбиялайт. Тартипти сактабаган адам сууда сүзүүчү боло албайт, анткени спорттук шык (жөндөм) машыктырууну калтырганда бат эле унутулуп калат, анан ийгиликке жетүү кыйын болуп калат. Системалык түрдө даярданып ысык-суук дебей сууда сүзүүчүлөр талыкпаган эмгек менен жеӊишке жетишет.

-Балдарыӊыз да сууда сүзүшөбү?

-Менин 3 балам бар. Бардыгы сууда сүзгөндү билет. Кичүүсү үлгү алдыбы, айтор ал дагы көлдү сүзүп өтөм деген үмүтү бар.

-Айына канча жолу машыгып турасыз? Машыкпай калган учурларыӊыз болобу?

-Жумасына 4-5 жолу сууда сүзүп турбасам башкача боло берем. Машыкпай калган учурум эптүү себепке байланыштуу. Он жыл мурун унаа кырсыгына кабылгам, ошондо машыгууну токтотууга мажбур болгом.

-Эмне үчүн биздин сууда сүзүүчүлөрүбүз дүйнөлүк спортто чоӊ ийгиликтерге жетише албай жатат деп ойлойсуз?

-Бирден бир себеби бул спорттук инфраструктуранын жетишсиздиги. Атайын курулган бассейндер болуусу зарыл. Алардын саны көбүрөөк болсо жана баанын арзанчылыгы спортко болгон кызыгууну күчтөндүрөт эле. Негизи спорттук деӊгээлде сууда сүзүүчү болуш үчүн көп убакыт талап кылынгандыгына байланыштуу баанын арзанчылыгы чоӊ ролду ойнойт.

Суроо салган Төлөбүбү Касымалиева.

Булак:Багыт

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here