Эӊ туура шыпырышты. Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлигиндеги аялдардан турган жетекчилигинин кызматтарынан куулганын айттык. Аталган мекеменин жетекчиси Таалайкүл Исакунова, орун басарлары Лунара Мамытова. Зууракан Каденова, Жылдыз Полотова тобу менен айдалды. Жалаӊ аялдарды бир бакандай минисрдикти жетектетип койгон Өкмөт даана көкмээ экен. Бул төртөө аталган министрликке экиден-үчтөн эже-сиӊдилеринен кызматка алып келсе, министрлик бүтүндөй аялдардан турат экен да!

Исакунова. Таалайгул

Зууракан Каденова деген аялы арактын айынан кызматтан алынган. Ал эми Исакунова менен Мамытова дайыны жок эле чет жерлерге командировкага чыга бергендиги үчүн, жеке кызыкчылыгында дипломаттык паспортту колдонгондугу үчүн иштен шыпырылышты. Полотованын “кылмыш иштери” айтыла элек, эгер болсо… Эми бул үчөө “тоюп” алган боюнча жооп бербестен кутулуп кетишти.

Жогорудагыдай өзүм билем деп, өз кызыкчылыгына иштегендер азыркы бийликте аял-эркеги болуп толтура. Аны айтып түгөтө албайсыӊ. Иши оӊолбочу мамлекетте ошондой болот тура…

Булак: Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here