Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын тышкы иштер министри кызматына сунушталууда.

Чыңгыз Айдарбеков 41 жашта. Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. 1998-2008-жылдары ТИМ системасында атташе, катчы, бөлүм жетекчиси болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон.

2011-жылы президенттик аппараттын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, 2012-2016 жылдары Жогорку Кеңештин аппаратында протокол бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.

2016-жылдын апрелинен тартып Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп иштеп келе жаткан.

Чыңгыз Айдарбеков эл аралык кылмыш укугу жана тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар боюнча 10дон ашык илимий макаланын автору.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here