Сүрөт: Өрт чалган окуу жайдын ичи…

ӨКМ Ош шаарындагы Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайында өрт чыкканын кабарлады. Маалыматта: имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянтын өрт чалып, окуу жайынын чоң залы толугу менен,  кымбат баалуу музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйүп кетти. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү эки саат өчүрүп бүтүшкөн. Аталган окуу жайда 200дөй бала билим алат. Ачылганына 55 жыл толду

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here