Москвада кыргызстандык балдар мушташып 19 жаштагы жигитти бычактап коюшкан. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы дагы тастыктады.

Маалыматка караганда, мушташ түнкү саат 00:00 чамасында «Кузьминки» метросунда болгон. Жигиттердин ортосунда түшүнбөстүк чыгып, мушташ учурунда маркумду бычактап салышкан. Анын кесепетинен Токтогулдук  Ж.А оор жаракат алып,  ооруканага жеткирилген. Бирок ал өзүнө келбей, 14-октябрда эртең мененки саат 07:30да каза болуп калган.
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here