Бишкек шаарынына тиешелүү Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү жолдор, жол чекелери, жерди сугарган система жаткырылган аймактар киши көмүү үчүн мыйзамсыз берилип кеткен. Бул туурасында Башкы прокруратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта «Аталган көрүстөндө инженердик коммуникация — жолдор, жол чекелери, жерди сугарган система жаткырылган аймактар киши көмүү үчүн мыйзамсыз берилип кеткен. Киши көмүлгөн деген жерлерди текшере келгенде, сөөк жок бош болуп чыккан«-деп айтылат.
«Аза кызматын көрсөткөн Бишкек агенттиги» муниципалдык ишканасынын жетекчилерине Кылмыш иши козголуп, иш тергөөгө жиберилди.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here