Бишкекте көчө шыпырып жүргөн кишиге карата жолдон өтүп бараткан чоочун адам көздөн жаш агызуучу газ чачып кетти. Бул окуянын тасмасы менен Фейсбук социалдык тармагында Азим Токтоналиев аттуу колдонуучу бөлүшкөн.

Сегодня 8.15 утра по Орозбекова 2 дворник убирал территорию.И внезапно проходящий мимо мужчина брызнул ему в лицо из газового баллончика. И быстро удалился вместе с женой.

Опубликовано Азимом Токтоналиевым Понедельник, 15 октября 2018 г.

Окуя жакын жерде жайгашкан кеңселердин биринин видеобайкоосуна түшүп калган. Видеодон көчө жыйнап жүргөн адамдын эч кимге тийишпей эле, өз ишин кылып жатканын көрүүгө болот. Аялы менен кетип бараткан кишинин жөн өтпөй, кыянаттык кыла кетүүсүнө эмне себеп болгону белгисиз. Оорулуу болуп жүрбөсүн?

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here