Бишкекте Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан кыз  жашы өтүп калган жаранды өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу  Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта, кечээ кечки саат тогуздар чамасында Байтик Баатыр көчөсү менен унаа айдап бара жаткан кыз жолдон өтүп бараткан кары кишини сүзүп алганы айтылат. Кырсык болгон жерден жабырлануучу каза болгон. Ал эми күнөөлү кыз кармалып, унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилди,

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here