Аламүдүн районунда дайынсыз жоголуп изделип жаткан жаш жигит менен 2 кыз Токмок шаарынан табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

2000-жылы туулган Ырысбек Султанов (Максүталиевич), 1999-жылы туулган Альбина Максүталы кызы жана алардын тууганы 2001-жылы туулган Алина Канат кызы 2018-жылдын 17-сентябрында Кырман конушундагы үйүнөн Мерседес-Бенц-210 үлгүсүндөгү унаа менен чыгып, кайра келишкен эмес. Кийинчерээк унаа Келечек конушунан табылган.

Алар жашаган жерлерин улам которуп турушкан. Акыры Токмок шаарынан табылып, азыркы тапта алар жакындарына өткөрүлүп берилди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here