Экс -депутат Каныбек Осмоналиевди бүгүн Биринчи май райондук соту актады.  Анын ишин караган сот бардык коюлган айыптар боюнча далил табылган жок деп тапты жана анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил катын жокко чыгарды. Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар Осмоналиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга камоону, ага үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну соттон суранган эле. Осмоналиев, өзүнүн «аппак» экенин айтып келген. УКМК 2014-жылы Кыргыз-Славян окуу жайына 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. УКМК  абитуриенттер Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жайынын жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганы боюнча маалымат тараткан. Ал эми быйыл  “Осмоналиевдин студенттерден 14 миң доллар алганы аныкталды» -деген маалыматты кошумчалаган болчу. Ошондо УКМКнын Осмоналиев боюнча тараткан маалыматы таптакыр жалган болуп калабы? Бул жагы логикага сыйбай турат…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here