ЖК депутаты Рыскелди Момбеков 13-октябрда эр ортону 50 жашка толуп, 50 жылдык мааракесин Бишкектеги ресторандардын биринде күркүрөтө өткөрдү. Аны президент Жээнбековдун атынан Досалы Эсеналиев куттуктап келген. Досалы мырза, президенттин куттуктоосун окуп, белекке берилген саатты жана сувенирди тапшырган. Ал эми экс-президент тойго өзү келе албай калса да, видео кайрылуу жасап, депутаттын дарегине жылуу сөздөрдү айткан. Роза айымдын видео кайрылуусу тойго келген элге көрсөтүлгөн. Рыскелди мырзаны ошондой эле экс-президент Атамбаев да куттуктап, кымбат баалуу белегин берген. Анын  белегин кесиптеши Мадаминов тапшырган. Бул маалыматтарды Момбеков өзү да ЖМКларга тастыктаган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here