Кадамжай районунун Кадамжай-Жийделик унаа жолунун 5-чакырымында “Lexus RХ-300” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ролду башкара албай Ак-Суу суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Унаанын ичинде 2 эркек киши болгон, алар эч кандай жаракат алышкан эмес.
Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаанын ичиндеги адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.