Ала-Бел ашуусунда «Мерседес Спринтердин» айдоочусу башка маршрутканын айдоочусуна жардам берем деп каза болду. Бул тууралуу Жалал Абад областык жол көзөмөлдөө кызматы билдирди. 

44 жаштагы Азамат Т.  Бишкек-Ош жолунда Бишкекти көздөй келе жаткан. Ал Ала-белден унаасы бузулуп калып токтоп турган Ы. уулу Бексултанды көрүп, жардам берүү максатында токтогон.  Өзүнүн машинасынын багажынан керектүү тетиктерди алып жатканда унаа жылып кетип, Азаматты кошо артка  сүйрөп кеткен. Маршрутка аны 30 метрдей сүйрөп барып, жолдон чыгып токтогон.

Кырсыктын кесепетинен жабыркаган Азамат, аймактык ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнөн, өзүнө келбей каза болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here