12-октябрда саат 22.00дө Москванын Домодедово аэропортунан Бишкекке кете турган «Эйр Манас» компаниясынын 562 ZM рейси кармалып, 200дөй кыргызстандык учуп кете албай жатышканын ошол каттамдагы жүргүнчүлөр соц баракчаларына жазып жатышат. Жүргүнчүлөр аэропорттун тегерегиндеги мейманканага убактылуу жайгаштырылышкан. Ал эми аталган компаниянын өкүлдөрү учак качан Кыргызстанга кетерин айтпай, билет акыларын кайтарып берүүнү сунуштап жатат. Буга нааразы болгондор көп экени айтылууда. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул боюнча кабар алып, жүргүнчүлөр бүгүн уча турганын билдиргени менен саат канчада экенин айтышкан эмес.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here