20-жылдардын башында эл чыгармачылыгын жыйноо комиссиясынын берген багыты алдында «Манасты» мурункудай туш келген жерден үзүп, олуп-чолуп жазбастан, атактуу үчилтикти – «Манасты», «Семетейди», «Сейтекти» ырааттуу толук жазып алуу идеясы пайда болот. Мындай демилгенин башында 1922-жылдан баштап Түркстан АССРинин эл агартуу комиссариатында Кыргыз илимий комиссиясын жетектеген Эшенаалы Арабаев турган.

Мына ошентип, 1922-жылы ошол туштагы белгилүү, айтылуу манасчы Сагымбай Орозбаковдон «Манасты» системалуу түрдө жазып алуу жумушу башталган. Нарындагы жайлоолордун биринде С. Орозбаковдон «Манасты» жазып алуу кандайча башталгандыгын экспедициянын жетекчиси Каюм Мифтаков күндөлүгүндө минтип эскерген: «Жыйылган элдин алдында тегерегиме Ыбырайды, Сапарбайды, Чаки Каптагаевди олтургузуп, бутка жаздык, анын үстүнө батнос коюп жаза баштадык. Бир нече бет жазгандан кийин калем сапты, жаздыкты, батнос­ту Ыбырайга берип, өзүм Ыбырайдын бир нече бет жазганын карап олтурдум. Анын каты мага абдан жакты».

Экспедициянын мүчөлөрү адегенде туура метод менен ишти башташкан. 1922-жылдын жай, күз айларында Сагымбайды өз эркине коюп, Нарындын жайлоолорун кыдыртып, эл аралатып Манас айттырып, манасчынын өзүнө көнүмүш табигый шарттарда ырдатып, анан ошол кырдаалдарда эпостун саптарын кагазга түшүрүшкөн. Каюм Мифтаков «Манасты» жазып алууга иштин баш жагында гана катышып, кийин бул жумушка аралашпаган. Дастандын «Манас» бөлүгүн толугу менен кагазга түшүрүүнү мугалим, фольк­лорист Ыбырай Абдрахманов 4 жыл бою тынбай жазып отуруп, жалгыз өзү жүзөгө ашырган.

Айта кетчү нерсе, кыргыздын айылдарында мугалим болуп иштеген Каюм Мифтаков Октябрь төңкөрүшүнөн мурда эле кыргыз жергесин аралап, элдик оозеки чыгармачылыкты жыйнап жүргөн киши болгон. Тарыхчы С. Данияровдун маалыматы боюнча ал 1923-жылы Түркстан АССРинин эл агартуу комиссариа­тына 1325 беттен турган фольклордук материалдарды өткөргөн. Ал кол жазмалардын ичинде «Манас» да болгон. 20–30–40-жылдарда оозеки чыгармачылыкты жыйноону активдүү улантып, Нарындан Тоголок Молдо менен Молдобасан Мусулманкуловдон «Семетей», «Жаныш-Байыш», «Эр Курманбекти», Таластан Бердибай уулу Эркебайдан, Конокбаев Сулаймандан «Манас­тан» бир нече үзүндүлөрдү, Кетментөбөдөн Жаңыбай Кожековдон «Семетейди», Алай, Ноокат тараптан Т. Бекмуратов, М. Кабылов, А. Ташев, Ч. Садыков, А. Жумагулов, Т. Мамытов деген адамдардан «Манас» менен «Семетейдин» айрым эпизоддорун жана башка толгон-токой поэма, уламыш, ыр, макал-ылакаптарды жазып алган. 22-жылы Сагымбайдан «Манасты» жазып алууну баштаганда фольклористика илими боюнча маалыматы бар билимдүү адам болгондуктан, К. Мифтаков Ыбырай Абдрахмановго кантип иштөө керек экенин алдын ала түшүндүрүп, өзүнүн баалуу илимий кеңештерин берген. К. Мифтаковдун кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын жыйноого кошкон салымы зор.

1922-жылдын жайында өкмөттүн жана экспедициянын көрсөткөн ишенимине жана өтүнүчүнө шыктанып, Сагымбай «Манасты» Нарындын жайлоолорунда чын ыкластан эргип айтып, кыска мөөнөттө Манастын төрөлүшүнөн баштап, кыргыздардын Алтайдан Алатоого келишине чейинки эпикалык сюжетти бүт жаздырууга үлгүрөт. Бирок андан ары иш дайыма эле ушундай жакшы темпте жүрбөгөн. Дайыма эле жайлоолоп жүрүп «Манасты» жаздырууга мүмкүнчүлүк боло берген эмес. Ыбырай Абдырахманов: «1924-жылы, январь. Атбашыда Манастын Алоо­ке хан менен болгон окуясын жаздырып жатабыз. Жатканыбыз бир кичинекей там. Бир жолу түн ортосуна чейин жазып олтурабыз…» – деп эскерген. Ушундай өзүн тыңшап угуп, кубаттап шыктандырып, эргитип турган аудиториясынан ажырап, тамга же боз үйгө камалып, маңдайындагы ак кагазга үңүлгөн жалгыз адамга ыр саптарын бирден кармап «эжелеп» айтып жаздырганда тоо суусундай буркан-шаркан түшүп ырдап жүргөн Сагымбай алиги Василий Радловдун манасчысындай болуп тутугуп, сөзү бөгөлүп, цирктин тар аянтында кысылып чуркаган аргымактай эркин «таскактай» албай көп кыйналган. Ыбырай Абдырахманов минтип жазат: «Сагымбай” «Манасты» жаздырганда тез айтып бербей, токтоп, ойлонуп отурар эле, анткени өтө күчтүү болгондуктан камалып, буулугуп токтоп жүргөндүгүн кийин билдим».

«Манасты» жаздырган 4 жыл Сагымбай манасчы үчүн көр оокаттан да кыйналып, кедейчиликтен азап чегүүнүн да жылдары болгон. К. Мифтаков 1922-жылкы күндөлүгүндө төмөндөгүдөй деп жазат: «Сагымбайдын үйүнө келдик. Келсек үйү курумдай кара болуу менен бирге миң жерден тешиги бар эле. Үйгө кирсек жылаңач алты баланын (1–12-жаштарда) олтурганын көрдүк. Алардын бардыгы да кыз эле. Бир аздан кийин каптан көйнөк кийген чоң кызы келип кирди (14 жашта). Үйдүн ичин карасак, бир эски кийиз, эки жыртык кирлүү жууркан, бир казан, бир аяктан башка эчтеке жок эле». Чындыгында, 1916-жылкы үркүндө Кытайга качып, жыйнаган-тергендеринен ажырап, ач жылаңач кайра элге кайтып келген манасчынын революциядан кийинки материалдык абалы оор болгон. Сагымбай оокат-турмуштан кыйналгандыктан, «Манасты» жаздыруудан колу бошобой, мунун айынан үй-бүлөсү кароосуз калып каржалганын арыз кылып ырга айлантып, эпостун окуяларынын бүткөн жерлеринен көп жолу ошол арыздарын улап жаздырып, кол жазма тапшырылса, тийиштүү чоңдор окуп, материалдык жардам көрсө­төөр же мыйзамдуу гонорар ыйгарышаар дегендей үмүттө бол­гон. Ошондой арыздардын айрымдары төмөндөгүчө жазылган:

 

«Баламдын асты он беш жаш,

Бир үйүмө караган

Арбыны аял он төрт баш».

«Адабият жөнүнөн

Айткан акын бакырга

Назарың сал толгонуп».

«Нарын өйүз дубаным,

Азирет! – деп турамын.

Ал-абалым жөнүнөн

Жай айтып жардам сурадым».

 

Бирок улуу дастанды кагазга жаздырып жаткан даркан манасчыга өкмөт тарабынан убагында жардам болгон эмес.

Сагымбай жаздыруу жумушун аргасыз токтотуп, үй-бүлөсүнө каражат табуу үчүн жумалап, айлап эл аралап, «Манас» айтып кеткен учурлар аз эмес болгон. Ушунун айынан иш үзгүлтүккө учурап, «Манасты» жазып алуу жумушу создуккан. 1925-жылы Сагымбай катчы Ы. Абдрахманов экөө Ташкентке чакырылып, иштин ыксыз создукканына тынчсызданган Э. Арабаевден «иттин тезеги дары десе дарыянын башына кетет деген ырас ко. Сагымбай билген Манасыңды тез жазып бүтүрсөңчү, болбосо судка беребиз» – деген капааттанган, капаланган сөз угуп, нааразы болуп, маанайы чөгүп Кочкорго кайра кайтып келет. Бул жагдай иштин андан аркы жүрүшүнө өзүнүн терс таасирин тийгизбей койгон эмес. «Манасты» жазуу ишинин орто ченинде Сагымбай манасчы ооруга да чалдыгып, кийинчерээк унутчаак болуп, кээде маңдайында турган катчы Ыбырайым Абдрахмановду тааныбай, үйдөгү аялын «Сен кимсиң?», «Сен кимдин аялысың?» – деп сурап, анан «Мен эмне болуп баратам?» – деп санаар­кап тынчы кетчү экен. (Ы. Абдрахмановдун эскерүүсү). Манасчынын ден соолугунун мындай абалына, анын кысталган кы­йын турмушу, жомокту жаздыруу ишинин оорчулугу таасирин тийгизбей койгон эмес.

Иштин соңунда манасчынын ооруп, оор шартка туш келишине байланыштуу тексттин аяк жагында айрым эпизоддордун көркөмдүгү кичине солгундап, кайталоолорго жол берилип, баяндоодо бир аз иретсиздик орун алып кеткендигин Манас изил­дөөчүлөр белгилеп келишет. Бирок мындай мүчүлүштөргө карабастан, көркөмдүк наркы жогору «Манастын» байыртан бери келаткан негизги сюжеттик окуяларын кеңири жана толук камтыган, илгерки кыргыз турмушун ар тарабынан сүрөттөп тасмага тарткандай даана берген, идеялык чабыты кенен, руханий-философиялык мааниси терең деңиздей чалкыган гениалдуу вариант кагаз бетине түшүрүлгөн. «Кырк жылдан ашуун калк арасында аткарылып, элдик кеңири талкуудан өтүп, көптөгөн угуу­чулардын каалоолору эске алына келип түзүлгөн Сагымбайдын варианты, мазмуну терең, өзгөчө жогору көркөмдүк деңгээлге көтөрүлгөн. Вариант кыргыз элинин салт-санаасын, үрп-адатын, ишеним-түшүнүктөрүн, ыйман-абийир жөнүндөгү көз караштарын, басып өткөн жолунун урунттуу учурун кеңири баяндайт. «Манас» кыргыз турмушунун көркөм энциклопедиясы деген бүтүм-корутунду ойдун терең ишенерлик таасын фактыларын далилдерин белгилүү тексттердин ичинен эң алды менен ушу Сагымбай айткан варианттан табууга болот» (Самар Мусаев).

Ой келет, мына ушундай уникалдуу, гениалдуу «Манасты» көкүрөгүндө көтөрүп жүргөн алп талант Сагымбай кокус 20-жылдары көңүл бурулбай, манасчынын көзү өтүп кетип, бул вариант жазылбай калса эмне болот эле? Анда кыргыз калкынын көркөмдүк рухий казынасы бир жеринен олуттуу мүчүп турмак. Ушундай кайталангыс керемет шедеврди манасчыны төрт жыл бою артынан калбай ээрчип ысык-суукка, азап-тозокко чыдап каармандык менен кагазга түшүрүп, ак калпак кыргыздын алдында атуулдук эрдик жасаган фольклорчу Ыбырайым Абдрахмановго миң мертебе таазим! Иштин акырында Сагымбай да Ыбырайымдын эмгегин баалап: «Жазган молдо Ыбырай, жашы акты эки көзүнөн» – деп ырдаган.

Советбек Байгазиев, филология илимдеринин доктору, профессор

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here