Бүгүн Кыргызстандын аймагында жер титирегени боюнча маалыматты Илимдер академиясына караштуу Сейсмология институту тастыктады. Жер титирөө күндүзгү саат 11:16да катталып, анын күчү очогунда 5.5 баллга жеткен.
Жер титирөө биринчикезекте Чоң-Алай районунда көбүрөөк сезлген. аталган аймакка караштуу: Кара-Шыбак, Шибээ Жар-Бышы, Дароот-Коргон, Ачык-Суу айылдарында 4, Кара-Тейит, Кабык, Кашка-Суу, Сары-Моголдо 3, Талды-Суу, Арча-Булак айылдарында 2,5 балга чеийин жеткен. Бактыга жараша, жабыркагандар тууралуу маалымат жок.