ИИМдин басма сөз кызматы Баткенде: Бажы кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери жүгү бар унаалардын токтоосуз өтүшү үчүн ишкерден пара алып жаткан жеринен кармалышканын кабарлады.

Маалыматта: ишкерлерден чек арадагы «Кызыл-Кыя-автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунда Өзбекстандан келе жаткан унааларды өткөрүү үчүн акча алып жаткан чиновниктерге карата чара көрүү жөнүндө даттануулар түшкөнү айтылат. Иликтөө учурунда ишкерлерден акча алуу боюнча иштелип чыккан схема аныкталды.

Кармалгандардын тизмеси:

— Иликтөө учурунда 1,2 миң доллар пара алып жаткан жеринен Баткен бажысынын инспектору Ж.Э.

— 2000 сом пара алып жаткан жеринен «Кызыл-Кыя-автожол» пунктунун инспектору Д.М.

— 1000 сом пара алып жаткан жеринен Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин Баткендеги башкармалыгынын адиси Т.А.

Мындан тышкары Бажы кызматкеринин кызматтык бөлмөсүн тинтүү учурунда сейфтин алдынан 4 миң доллар жана 4 миң сом табылган. Ал эми Айыл чарба министрлигинин кызматкеринин кабинетинен 11 миң сом, чек арачынын кабинетинен 28 миң сом табылды. Аталган каражаттар алынып, кылмыш иштин материалдарына кошо тиркелди. Азыркы учурда аталган адамдар 2 айга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here