Кошуна өлкөлөрдүн айрым маалымат каражаттары 2011-2014-жылдары катталган оор кылмышты жасаган кылмышкерлерди кармоо боюнча операцияны жазып чыгышты. Ушул жылдары Казакстан  менен Өзбекстандан белгисиз аялдар аялдарды зордуктап, өлтүрүп тоноп жаткандыгы боюнча маалыматты байма-бай жазышкан.  Маселен, 2011-жылдын этегинде Казакстандан кыска убакыттын ичинде 4 аялды зордуктап, өлтүрүп тоноп кеткен кылмыш катталган. Биздин ИИМ да бул кылмыштарга кайдыгер карабай, сак турушкан. Анткени,  аялдарга мыкаачылык кылган кылмышкерлер Кыргызстандын аймагына да кириши да толук мүмкүн болчу. Казаксатандын ИИМ мыкаачыларды көпкө издеп таба албай турушту. Россиянын, Кыргызстандын, Өзбекстандын ИИМнен жардам сурап, кылмышкерлерди бирге кармоону өтүнгөн. Кыргыз милициясы шектүүлөрдү кармоо боюнча бүт аракетин көргөн. Бирок акырында кылмышкерлер Өзбекстанда экени боюнча маалымат түшүп, казак-өзбек милициялары биригип, иликтөө иштеринин натыйжасында  1986-жылы туулган, мурда соттолгон өзбек жаранын кармашкан. Ал колго түшкөндөн кийин кылмышты бирге жасап келген шериги тууралуу маалымат берген. Көп өтпөй анын шериги Ташкентте колго түшкөн. Экөө Казакстанда 4, Өзбекстандан 7 аялды тоноп, зордуктап, баарын теӊ өлтүрүп салышканын моюндарына алышкан. Сот эки мыкаачыны өмүр бою эркинен ажыраткан

Азамат Муратов

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here